From Wikipedia, the free encyclopedia
Кызыл учкун — 1927-жылы Кыргыз педагогикалык техникумунда уюшулган адабий ийрим. Ага кыргыздын 1920-жылдары жаңыдан өсүп келаткан чыгармачыл интеллигенциясы, адабият менен искусствого шыктуу жаштар (У. Абдукаимов, М. Абдукаримов, А. Айылчинов, Т. Байжиев, К. Баялинов, З. Бектенов, Ж. Бөкөнбаев, М. Дөгдүров, К. Жантөшев, Т. Жолдошов, К. Жумашев, К. Ибраимов, А. Идирисов, С. Карачев, Ш. Көкөнов, К. Маликов, С. Нааматов, К. Рахматуллин, Т. Саманчин, С. Сасыкбаев, Р. Шүкүрбеков, М. Элебаев, К. Эшмамбетов жана башка) топтолгон. Ийрим расмий болбосо да, бардык чыгармачыл уюмдардын милдетин аткарган. Ийрим кийин (1932) Кыргыз педагогикалык институту ачылганда да иштеген. Көптөгөн кыргыз акын-жазуучу, адабиятчы, педагог жана башка кесип ээлери « Кызыл учкундан» таалим алышкан.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.