Куттубаева Анвар – театр артисти, ырчы.

Куттубаева Анвар
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты:Куттубаева Анвар
Туулган жылы:1915-жыл
Өлгөн жылы:1977-жыл
Туулган жери:Фрунзе шаары, Кыргызстан
Өлгөн жери:Фрунзе шаары, Кыргызстан
Сөөгү:Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары, Кыргызстан
Өлкө:CCCР желеги СССРКыргызстан желеги<noinclude> Кыргызстан
Ишмердүүлүгү:театр артисти , ырчы
Наамдары:

Кыргыз ССРинин эл артисти

Өмүр баяны

Куттубаева Анвар Кыргыз ССРинин эл артисти (1939).
Фрунзе педтехникумунда окуп, актёрдук чыгармачылыгын андагы драма ийриминен баштаган.
1929-жылы кыргыз театр студиясына кирген. А. Островскийдин «Жок жерден табылган алтынында» Настянын, К. Жантөшөвдүн «Карачачында» Карачачтын ролун ойногон.
Жөндөмдүү вокалист Куттубаева (сопрано) музыкалык драма спектаклдеринде жана операларда: Зулайканын (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Чынардын (Ж. Бөкөнбаев, “ Алтын кыз”, Калыймандын (В. Власов. А. Малдыбаев жана В. Фере, «Айчүрөк»), Чолпондун (М. Раухвергер, «Көкүл») партияларын аткаруу менен кыйла ийгиликке жетишкен, элдик ырларды да мыкты аткарган.
1946-жылдан кыргыз филармониясында иштеп, улуттук бий ансамблин жетектеген.
1952-жылдан Кыргыз драма театрында иштеген.
Куттубаева комедиялуу ролдорду да зор чеберчилик менен аткарган.

Негизги ролдору

Карачач (К.Жантөшөв «Карачач")
Анна Павловна (К.Крапива, “Акыркы күлгөндүн арманы жок”)
Калбүбү (Т.Абдумомунов «Атабектин кызы»)
Феклуша (А.Островский, «Добул») жана башка.

Сыйлыктары

Ленин ордени
Эмгек Кызыл Туу ордени
«Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Wikiwand in your browser!

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.

Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.