Мамадали Курбанович Курбанов (1905, Үч-Коргон кыштагы, Ош уезди, Түркстан — 1976, Ош, Кыргыз ССРи) — Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын мамлекеттик, саясый жана коомдук ишмери, Тажикстан Премьер-министри (1937-1946), 1 жана 2 чакырылыштагы ССРС Жогорку Совети депутаты.
Мамадали Курбанович Курбанов | ||||||||
| ||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
16-сентябрь 1937 — апрель 1946 | ||||||||
Андан мурунку: | Урумбай Ашуров | |||||||
Андан кийинки: | Жабар Расулов | |||||||
Жарандыгы: | Түркстан Кыргыз ССР ССРС | |||||||
Дини: | Ислам | |||||||
Туулган жылы: | 1905 жыл | |||||||
Туулган жери: | Үч-Коргон кыштагы, Ош уезди, Түркстан, Кыргыз ССР | |||||||
Каза болгон жылы: | 14 -май 1976 | |||||||
Каза болгон жери: | Ош шаары Ош облусу Кыргыз ССР | |||||||
Мүрзөсүнүн орду: | Ош шаары Сулайман-Тоо | |||||||
Атасы: | Курбан | |||||||
Жубайы: | Рахимахон Тожибоевна Султонова (1928-2006) | |||||||
Балдары: | Дилшод, Серго-Шахзада (22.04.1964) - ООО «УГМК-Холдинг» коомунун башкы мүдүрүнүн орун басары, эки кызы Ташкен шаарында жашайт. | |||||||
Партиясы: | КПСС | |||||||
Билими: | Тоо-кен казып алуу факультетине караштуу жумушчу курстары | |||||||
Ишмердүүлүгү: | 1924 - 1967 жылдары | |||||||
Сыйлыктары: |
|
Өмүр баяны
Мамадали Курбанов январь 1905 жылы Үч-Коргон кыштагы, Ош уездинда кедей дыйкан үй-бүлөсундө туулган, улуту тажик. Ал революция чейин Ош шаарынын чыгыш бөлүгүн башкарган улук аксакалы жана миңбашысы молдо Султан Таирбаевдин күйөөсү болгон. Анын уулу Серго-Шахзада ООО «УГМК-Холдинг» (Урал тоо-кен-металлургия компаниясы) азыркы учурдагы башкы директорlдун орун басары болуп иштейт. Орто-кесиптик билимга ээ, тоо-кен казып алуу факультетине караштуу жумушчу курстарын бүткөн.
Эмгек жолун Кызыл-Кыя көмүр кенинде кенчи болуп баштаган. 1930 жылдан ВКП(б) мүчөсү. Кызыл-Кыя кенчилери ичинен белгилүү мамлекеттик ишмерлер жетишкен. Алсак, кенчи Төрөбай Кулатов Кыргыз ССР Совнарком төрагасы болду, андан кийин Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, ошондой эле Мамадали Курбанов 1937 жылдан 1946 жылгача Тажик ССР Совнарком төрагасы болгон.
- 1924-1930 жылдары - Кыргыз ССР Ош облусу Кызыл-Кыя көмүр кенинде кенчи болуп иштеген
- 1930-1931 жылдары - Кызыл-Кыя көмүр кенин сактоо жана техника коопсуздугу станциясы башчысы
- 1931-1933 жылдары - Кызыл-Кыя көмүр кенин башчысы
- 1933-1936 жылдары - Тажик ССР Шураб көмүр кенин башчысы
- 1936-1937 жылдары - Тажик ССР жергиликтүү өнөр жай эл комиссары, бир убакта Тажикстан КП(б) БК транспорт жана өнөр жай бөлүмү башчысы.
1937 жылы Тажик ССР Министрлер кеңеши торагасынын орун басары, Тажик ССР дыйканчылык эл комиссары.
16 сентябрь 1937 жылдан апрель 1946 жылгача Совнарком - Тажик ССР Министрлер Кеңешинин төрагасы. Тажик ССР Совнарком төрагасынын ордуна Тажикстан Компартиясы 3 съездинде бекитилген. Анын жетекчилиги астында бул жылдары Тажикстандын борбору - Дүйшөмбү шаары курулган, Памирге кеткен "Ош-Хорог" жолу курулушу жүргүзүлгөн, Тажикстандын биринчи ГЭСи - Варзоб ГЭСи курулган. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жана согуштан кийин Тажикстан фронтке айыл чарба продукциясын, азык-түлүк, пахта, ок-дарылар жана башка продукциялар жеткирген.
- 1946 жылы - Өзбек ССР айыл чарба министринин биринчи орун басары
- 1947-1949 жылдары - Өзбек ССР Фергана облусу депутаттардын аткаруу комитети төрагасынын биринчи орун басары
- 1949-1950 жылдары - Кыргыз ССР жергиликтүү өнөр жай министринин биринчи орун басары
- 1950-1957 жылдары - Кыргыз ССР Ош облусу депутаттардын аткаруу комитети төрагасынын биринчи орун басары
- 1957-1960 жылдары - Ош шаардык аткаруу комитетинын төрагасы[1].
Бул мезгилде Ош шаарында курулушу жүргүзүлгөн жана пайдаланууга Ош пединститути (азыр - Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусу) тапшырылган, Ак-Буура дарыясы үстүндө жайгашкан чоң темир бетон көпүрө (шаардын оң жээги жана сол жээги менен биринчи жолу бириктирген), автоматтык жана шаар аралык телефон станциясы курулду. Ал учурда 1957 жылы шаардын негизги бөлүгү арык суу ордуна суу тармактарынан ичүүчү таза суу менен камсыз болду. Ошондой эле, 1959 жылы Советтик Союзда экинчи (Кишинёвдан кийинки) эсептелген терең артезиан кудуктар учун насостор чыгаруу боюнча ишкана түзүлгөн.
1960-1967 жылдары - Памир өндүрүштүк автотранспорт ишканасынын башкы директору, ал Тажикстанга эл-чарбалык жүктөрдү "Ош-Хорог" автомагистрали аркылуу ташыган. Анын башкаруусу астында 1120 кызматкерлер иштеген. 1960 жылдан тартып - Курбанов Буткул союз маанидеги персоналдык пенсионер.
ССРС Жогорку Советинин Союз Кеңешинин 1 жана 2 чакырылыштагы депутаты, ССРС Жогорку Советинин бюджеттик комиссиясынын мүчөсү, Тажикстандын Куляб округунан депутаты. 1937-1948 жылдары Тажик ССР Жогорку Кеңештин депутаты. Ош облустук Кеңештин, Ош шаардык Кеңешинин депутаты. 1939-1952 жылдары ВКП(б) Борбордук Текшерүү комиссиясынын мүчөсү.
КПСС БК Саясый бюро мүчөсү Анастас Микоянды[2] досу болгон. Анын уулу Серго-Шахзада Курбанов (22.04.1964 жыл) Урал тоо-кен-металлургия компаниясынын башкы директордун орун басары болуп иштейт[3].
14 май 1976 жылы каза болду. Ал Ош шаарынын Сулайман-Тоонун түштүк капталында чоң урмат менен көмулгөн.
Жеке жашоосу
Атасы - Курбан - кедей дыйкан. Жубайы - Рахимахон Тожибоевна Султонова (1928-2006) улуту өзбек. Балдары: Дилшод, Серго-Шахзада (22.04.1964) - ООО «УГМК-Холдинг» коомунун башкы мүдүрүнүн орун басары, эки кызы Ташкен шаарында жашайт.
Сыйлыктары
- 17 октябрь 1939 жылы Тажик ССР айыл чарбасында көрүнүктүү ийгиликтер, жана өзгөчө пахта планын ашыкча аткарганы учун Ленин ордени менен сыйланган.
- 28 апрель 1940 жылы ССРС эң чоң болгон ирригациялык курулма И.В. Сталин атындагы Чоң Фергана каналын куруу үчүн активдүү катышкандыгы учун Ардак Белгиси ордени менен сыйланган.
- 3 январь 1944 жылы Тажик ССР айыл чарба, мал чарба, тамак-аш, жергиликтүү өнөр жай жана аңчылык кооперациясын өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн тапшырмаларын ийгиликтүү аткарганы үчүн экинчи жолу Ленин ордени менен сыйланган[4].
- Эмгек Кызыл Туу ордени
- ССРС, Кыргыз ССР, Тажик ССР, Өзбек ССР Жогорку Совети Президиумунун Компартия Борбордук комитетинын, Министрлер Кеңешинын көп жолу ардак грамоталары, көптөгөн медалдар менен сыйланган.
Түбөлүк эсте сактоо
- Көз карандысыз Тажикстан Өкмөтүнүн чечими менен Дүйшөмбү шаарын борборунда Совнарком эски имаратында мемориалдык такта орнотулган.
- Дүйшөмбү шаардын борбордук көчөлөрүнүн бирине Исмаил Самани районунда Мамадали Курбанов аты коюлган (мурда П. Лумумба көчөсү).
- Ош шаарындагы №15 өзбек орто мектеби Мамадали Курбанов атында (мурунку Э. Тельман атындагы мектеп). Бул мектепте Мамадали Курбанов бюст эстелиги коюлган.
- Ош шаардык депутаттарынын Кеңешинин 17 март 2003 жылкы №128 токтому менен Ош шаарынын мурдагы Мусоргский көчөсү атын өзгөртүп Мамадали Курбанов урматына аты коюлду.
- Өз мекени Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон кыштагы тажик орто мектеби Мамадали Курбанов атына коюлган[5].
Адабият
- Справочник по истории Коммунистической партии и Советского Союза 1898-1991 годы.
- Энциклопедия Таджикистана.
- Коммунистическая Энциклопедия.
- Книга «Документы советской истории». Советское руководство переписка. 1928-1941 г. часть 5. стр.379.
- Личное дело депутата Верховного Совета СССР 2 созыва Мамадали Курбанова хранится в Государственном архиве РФ (личное дело № Р7523 48 598 из 9 листов).
- Личное дело Мамадали Курбанова хранится в Государственном архиве РФ (личное дело № 544 из 19 листов) даты дела: 12 декабря 1937-10 февраля 1946.
Тиркемелер
Шилтемелер
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.