Крикет

From Wikipedia, the free encyclopedia

Крикет

Крикет (англ. Cricket) – Англиянын улуттук жайкы спорту, азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча, өзгөчө Австралия, Индия, Пакистан, Батыш Индия жана Британия аралдарында кеңири ойнолот.

Ыкчам фактылар Мүнөздөмөсү, Категориясы ...
Крикет
Thumb
Мүнөздөмөсү
Категориясы

Топтук спорт

Биринчи мелдеш
Эл аралык федерация
Веб-сайт

https://www.cricket.com

Жабуу

Оюнга эки команда катышат, ар биринде 11 оюнчудан. Боулер топту чабуулчуга ыргытып, чабуулчу аны согууга аракет кылат. Бул жөнөкөй негизден ар кандай стратегиялар, тактикалар жана ыкмалар жаралат, алар жалпы ийгиликке жетүү максатын көздөйт.

Бүгүнкү күндө оюндун бир нече форматы бар жана ал атаандаштык же көңүл ачуу үчүн ойнотулат. Форматтарга беш күндүк тесттик беттеш, бир күндүк оюн же кеңири белгилүү Жыйырма20 мелдеши кирет.

Крикет аянтчасы – чоң, жалпак чөптөн турган аймак, көбүнчө тегерек же сопо түрүндө болуп, четтери чек маркер менен белгиленет. Аянтчанын ортосунда «питч» жайгашкан.

Оюн башталар алдында топ капитандары теңгени ыргытуу жолу менен ким биринчи ойной турганын аныкташат. Теңгени уткан капитан биринчи ким баттар (чабуул кылат) же филдерлер (коргонуу кылат) болорун тандайт.

Эки топ чабуул жана коргонуу кезеги менен ойнойт. Чабуулдагы команданын оюнчулары жуп-жуп менен ойношот, алардын бири ар бир «викеттин» аягында жайгашат.

Викет деген сөздүн үч мааниси бар:

  1. Чамасы 20,12 метргежеткен эки стампа (түтүкчөлөр) ортосундагы аралык.
  2. Стампалардын өздөрү, анын үстүндөгү бэйлери менен кошо.
  3. Батсмендин оюндан четтетилишин билдирген термин.

Стампалар – жерде бири-бирине жанаша жайгашкан үч тик жыгач мамычадан турат, алардын үстүнө горизонталдык түрдө эки кичинекей таяк (бэйлер) коюлган.

Чабуул командасы упайларды эки «викеттин» ортосунда чуркап алуу жолу менен чогултат.

Крикетте чабуулда ойноп жатканда, коргонуу командасы 10 түрдүү жол менен оюндан чыгара алат. Алардын айрымдары булар:

  1. Кармоо (Caught) – Чабуулдагы оюнчу топту соккондон кийин, ал жерге тийбей туруп кармалып калса.
  2. Боулдоо (Bowled) – Боулердин ыргытканы стампага тийип, бэйлерди түшүрсө.
  3. Викет алдындагы бутка тийүү (Leg Before Wicket – LBW) – Топ батсмендин бутуна тийип, анын викетке жетүүсүнө тоскоолдук кылса.
  4. Чуркап чыгуу (Run Out) – Батсмен чуркап жатканда викетке жетип үлгүрбөй, коргонуу командасы топту викетке тийгизсе.
  5. Стампага басуу (Stumped) – Батсмен ойноо учурунда кыянаттык менен стампага басып кетсе.
  6. Викетке тийүү (Hit Wicket) – Батсмен сокку учурунда же чуркоо маалында кокусунан викетке тийип алса.
  7. Топту кармоо/кармоо аракеттери (Handling the Ball) – Батсмен оюн эрежесин бузуп, топту колу менен кармаса.
  8. Эки жолу топко уруунун жазасы (Double Hit) – Батсмен топко экинчи жолу атайылап сокку урса.
  9. Талааны тосуу (Obstructing the Field) – Батсмен коргонуу командасына атайылап тоскоолдук жаратса.
  10. Убакытка жетишпей чыгуу (Timed Out) – Батсмен белгиленген убакытта беттешке чыкпаса.

Тарыхы

Крикеттин тарыхы болжол менен 13-кылымга таандык деп эсептелет. Алгач бул оюн айыл жерлеринде жашаган балдардын кой сарайдын дарбазасын (же бактын бутактарын) бутасына алып, топ ыргытып ойноосунан башталган. Дарбаза эки тик устундан жана алардын үстүндө жайгашкан горизонталдуу жыгачтан турган. Горизонталдуу жыгач "бейл" деп аталган, ал эми жалпы дарбаза "викет" деп аталган. Викетке топ тийип, бейл түшүп калган учур оюнду кызыктуу жана так кылган, бул жөнөкөй бак бутактарына караганда артыкчылык берген.

1700-жылдарга чейин викетке үчүнчү устун кошулган. Ал эми викеттердин ортосундагы аянт, "питч" деп аталган, 1706-жылы расмий түрдө 20,12 метр узундукта белгиленген.

Оюндун негизги атрибуттары

Алгач топ таштан жасалган болушу мүмкүн, бирок 17-кылымдан тартып анын негизги формасы азыркыга окшош болуп калган. Азыркы учурда топтун салмагы 156-163 граммды түзөт. Бул стандарт 1774-жылы расмий кабыл алынган.

Эң алгачкы уюштурулган крикет оюндары аматорлор менен профессионал оюнчулардын ортосунда болгон. 1806-жылдан (жыл сайын 1819-жылдан баштап) 1962-жылга чейин Gentlemen-versus-Players (Аматорлорга каршы Профессионалдар) оюну эң жакшы аматорлорду эң мыкты профессионалдарга каршы коюп келген. Бул серия 1962-жылы MCC жана графстволор аматорлор менен профессионалдардын айырмасын жоюп, токтотулду. Башка эрте крикет оюндары Британия университеттеринин ортосунда өткөн. Мисалы, Оксфорд менен Кембридждин ортосундагы оюн 1827-жылдан баштап негизинен Лордс стадионунда ойнолуп келген.

Университеттик крикет графстволордун (Англиянын ар кандай графстволорунун ортосундагы оюндар) үчүн бир түрдөгү бала бакча болгон. 1827-жылдан бери «чемпион графство» (Суссекс) деп жарыяланганына карабастан, графство крикетине катышуу эрежелери 1873-жылы гана түзүлгөн жана графстволор 1890-жылы графство чемпионатын расмий түрдө өздөрү уюштурган. 1870-жылдары Глостершир У.Г. Грейс жана анын бир туугандары Э.М. жана Г.Ф. Грейс тарабынан башкарылып турган. 1880-жылдардан Биринчи Дүйнөлүк Улуу Согушка чейин Ноттингемшир, Саррей, Йоркшир, Ланкашир, Кент жана Мидлсекс графстволору «Большой алты» деп аталган топту түзүп, графство крикетинде үстөмдүк кылышкан. Биринчи Дүйнөлүк Улуу Согуштан кийин, түндүк графстволору, айрыкча Йоркшир жана Ланкашир, негизинен профессионалдуу командалар, лидер болушкан. 1950-жылдары Саррей жети жолу чемпион болуп, үстөмдүк кылган, 1960-жылдары болсо Йоркшир алдыда болгон, андан кийин Кент жана Мидлсекс 1970-жылдарда, 1980-жылдары болсо Мидлсекс, Ворчестершир, Эссекс жана Ноттингемшир үстөмдүк кылышкан. Башка биринчи класстагы графстволорго Лестершир, Соммерсет, Хэмпшир, Дарем, Дербишир, Уорикшир, Суссекс, Нортгемптоншир жана Гламорган кирет.

Булактар

The England and Wales Cricket Board/Beginner's guide to cricket

The England and Wales Cricket Board/Ten way to be dismissed

BBC Cricket - an overview and history of the sport

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.