From Wikipedia, the free encyclopedia
Кеңдик — сфералык координата тутумундагы координаталардын бири; анын жардамы менен Жердеги, Күндөгү же планетадагы чекиттердин экваторго салыштырмалуу асман сферасындагы орду аныкталат.
Кеңдик астрономиялык, географиялык жана башкаларга айырмаланат. Астрономиялык кеңдик – берилген орундагы тик сызык менен жер экваторунун тегиздигинин ортосундагы бурчтук аралык; географиялык кеңдик – жер бетиндеги чекиттин абалын аныктоочу географиялык координаталардын бири. Кеңдик боюнча ай либрациясы – эклиптикага карата Айдын орбитасынын тегиздигинин жантаюусунан пайда болгон термелүүсү. Жердин айланасында бир жолу айланганда Айдын айлануу огунун абалы өзгөрбөйт. Кеңдиктеги либрациянын максимуму ±6о41ў'га жетет. Кеңдик тегереги – асман сферасындагы эклиптиканын жана асман жарык чыгаруучусунун уюлу аркылуу өтүүчү чоң жарым тегерек, к. Экватордук координаталар.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.