From Wikipedia, the free encyclopedia
Кергелен – Инди океанынын түштүк бөлүгүндөгү архипелаг, Антарктикада. Франциянын ээлиги. Жанар тоодон пайда болгон бир чоң (Кергелен) жана З00дөй майда аралдан турат. Платонун суу бетине чыгып турган бетин ээлейт. Жалпы аянты 7 миң км2дей. Туруктуу отурукташкан калкы жок. Бийиктиги 1850 мге чейин. Климаты субантарктикалык, февралдын орточо темпрасы 7оС, июлдуку 0оC, жылдык жаан-чачыны 1000 ммдей. Батыш бөлүгүндө ири муздуктар (аянты 500 км2ге жеткен) бар. Дайыма катуу шамал болуп турат. Субантарктикалык суйдаң чөп өсүмдүктөрү өсөт. Порт-о-Франсе геофизикалык станциясы 1950-жылдан иштейт. Архипелаг 1772-ж. аны ачкан француз деңиз саякатчысы И. Кергелен де Тремаректин ысмынан аталган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.