From Wikipedia, the free encyclopedia
Төлөгөн Касымбек[1][2] (1931 — 2011[2]) — советтик жана кыргызстандык жазуучу[3]. Кыргыз Республикасынын Баатыры[4]. Кыргыз Эл жазуучу, Кыргыз Эл Баатыры[5], Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты[6].
Төлөгөн Касымбек | ||||
Туулган датасы: |
15 -январь 1931 | |||
---|---|---|---|---|
Туулган жери: |
Ак-Жол (Аксы району ), Кыргыз АССР, РСФСР, ССРС | |||
Өлгөн датасы: |
16 -июнь 2011 (80 жаш) | |||
Өлгөн жери: | ||||
Жарандыгы: | ||||
Ишмердүүлүгү: |
прозаик, редактор | |||
Чыгармачылык жылдары: |
1952—2011 | |||
Багыты: |
социалисттик реализм, тарыхый окуялар | |||
Чыгармаларынын тилдери: | ||||
Дебют: |
Кичинекей жылкычы | |||
Сыйлыктары: |
| |||
Кол тамгасы: |
Төлөгөн Ак-Жол айылында (азыркы Аксы району) туулган. Атасы молдо болгон, Төлөгөн он-төрт же он-беш жашка чыкканда ал каза болду[7].
Анын алгачкы чыгармасы «Кичинекей жылкычы» 1952-жылы Советтик Кыргызстан журналында жарыкка чыккан[8]. 1956-жылы бул аңгеме ошол эле аталыштагы кичине аңгемелер жыйнагы катары китеп болуп басылып чыккан[9][10]. «Хочу быть человеком» («Адам болгум келет») повести 1965-жылы орус тилинде жарык кɵргɵн[11].
Касымбектин чыгармачылыгынын негизин түзгөн тарыхый багыттагы алгачкы чыгармасы 1963-жылы жазылган «Алымкан» драмасы болуп эсептелет[12][6]. 1966-жылы анын эң белгилүү чыгармаларынын бири — «Сынган кылыч[13]» романынын биринчи тому жарык көргөн; экинчи тому 1971-жылы, толукталган нускасы 1998-жылы жарык көргөн[14]. Жазуучу 2000-жылы толукталган нускасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон[6]. Башка чыгармаларынын арасында Кыргызстандын тарыхын ХIХ – кылымдын ортосунан баштап ХХ – кылымдын башына чейин баяндаган «Келкел», «Баскын»[15], «Кыргын» деген романдарын да атап ɵтсɵк болот.
1990–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эл депутаты болуп шайланган, тил, маданият жана билим берүү боюнча эл аралык комиссиянын жетекчиси, ошондой эле Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы болгон. Ак-Жол айылынын айылдык кеңешинде башталгыч класстарга мугалим жана жооптуу катчы болуп иштеген.
«Сынган кылыч» романы казак (1975), украин (1978), түркмөн (1977), орус (1980), өзбек (1980), англис (1980), түрк (2004) жана уйгур (2008) тилдерине которулган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.