Караев, Өмүркул
From Wikipedia, the free encyclopedia
Өмүркул Караев (15.10.1930 - 18.09.2002) – кыргыздын чыгаан тарыхчысы, чыгыш таануучусу, профессор, тарых илиминин доктору.
Кыскача өмүр жолу
Өмүркул Кара уулу (Караев) 1930-жылы 15-октябрда Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү Чүй облусуна караштуу Чүй районундагы Сайлык кыштагында туулган.
1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы Кыргыз Улуттук Университетин) аяктаган.
1962-жылы Москва шаарында СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун аспирантурасын аяктаган.
Өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясында иштеди.
Ал улуттук академияда Тарых институтунда, Кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмүндө ар кыл кызматтарды аркалады.
Ошону менен катар Кыргыз Улуттук Университетинин Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын кафедрасында, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында адистик дарстарды жана семинарларды берип келди.
Илимий мурасы
Ө.Караев кыргыз таанууда бараандуу из калтырды.
Ал заманбап кыргыз тарых илиминде алгачкы арап таануучу, булак таануучу болуп калды.
150дөн ашуун илимий эмгек (4 монография, 1 окуу китеп) жарыялады.
Ал Кыргызстанда совет бийликтери цензура киргизип, эне-сай кыргыз тарыхын иликтөөгө бөгөт койгон учурларда да бул тармакта илимий ачылыштарын жарыялай берди.
Артынан орто кылымдардын тарыхын иликтеген бир нече окуучу-шакирттерди калтырды.
Караханийлер каганаты, кара-кытай доору, Моголстан ж.б. тууралуу илимий эмгектер жазды.
Үй-бүлөсү
Өмүркул Караев жубайы Кымбат Акмолдоева экөө Динара аттуу татынакай кыздуу болгон.
Алар кызын өтө мээримдүү, мээнеткеч кылып тарбиялашты.
Ө.Караевдин күйөө баласы Шайлообек Эшпай уулу Курманалиев менен кызы Динара эки уулдуу (Медер, Эржан) жана кыздуу (Гүлайым) болушту.
Маркум Өмүркул агай өзү да неберелерин жыттап, эркелетип калды.
Кыргыздын чыгаан тарыхчысы Өмүркул Караевдин жесири Кымбат Акмолдоева апа 2018-жылдын 20-июлунда саат 18:30да оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Ал 2018-жылы 7-январда 83 жашка чыккан болчу.
Маркум Кымбат Акмолдоева апаны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 22-июлда саат 09:30—10:00до башталды. Бул аза күтүү каадасы Бишкектин түндүк-чыгышындагы Көк-Жар айылында Эркинбек Матыев атындагы көчөдөгү №4 үйдө өткөрүлдү (бул үй – Өмүркул агайдын жана Кымбат апанын кызы Динара менен күйөө баласы Шайлообек Курманалиевдерге таандык).
Маркумдун сөөгү ушул эле күнү Көк-Жар кыштагынын чыгышындагы Ала-Тоо айылына карай бараткан жол четиндеги көрүстөндө ыраматылык Өмүркул агайдын мүрзөсүнүн жанына коюлду.
Бул тууралуу “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинен маалымдашты. [1]
Шакирттери
Өмүркул Караевдин шакирттеринин бири - тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин доценти Муратбек Кожобеков.
Башка шакирттери - тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов менен тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошов.
Дагы бир шакирти - тарых илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжамал Эсеналиева.
Сыйлыктары. Наамдары
1995-жылы Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун ардактуу мүчөсү болуп шайланган.
Эмгектери
- Кара уулу Ө. Көөнө түрктөр тарыхы: (Студенттер үчүн дарстар) / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Учкун, 1994. – 64.б. - (Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты). - “Кыргыз таануучунун китеп текчесине” сериясы.
- Караев, Омуркул Караевич. Арабские и персидские источники IX-XII вв. о киргизах и Киргизии: Автореферат дис. на соискание ученой степени кандидата исторических наук / Акад. наук СССР. Ин-т народов Азии. - Москва: [б. и.], 1963. - 19 с.
- Караев О. К. Арабские и персидские источники IX—XII вв. о киргизах и Киргизии. — Фрунзе: Илим, 1968. — 102 с.
- Караев O.K. Земли тогузгузов, карлуков, хазлажия, хилхия, кимаков и киргизов по карте ал-Идриси // Арабо-персидские источники о тюркских народах / Отв. ред. О.К.Караев. — Фрунзе: Илим, 1973. — С. 4—48.
- Караев O.K. Извлечения сведений из географии ал-Идриси "Китаб нузхат ал-муштак фи-хтирак ал-афак (Развлечение истомленного в странствии по областям)" о некоторых тюркских племенах // Арабо-персидские источники о тюркских народах. — С. 49—59.
- Караев O.K. История Караханидского каганата (X — начало XIII вв.) / Отв. ред. М.Б.Джамгерчинов, В.П.Мокрынин. — Фрунзе: Илим, 1983. — 302 с.
- Караев O.K. К вопросу о терминах кыргыз и хакас // НАиА. — 1970. — № 4. С. 255-259.
- Караев O.K. Караханиды до оформления Западного и Восточного каганатов // Киргизия при Караханидах / Под ред. Е.A. Давидович. — Фрунзе:
Илим, 1983. — С.14—23.
- Караев O.K. Народы Центральной Азии и государство Караханидов // Историко-культурные связи народов Центральной Азии. — Улан-Удэ, Бурятск, филиал СО АН СССР, 1983. — С. 91-100.
- Караев О., Кожобеков М.Ч. О переселении енисейских киргизов на Тянь-Шань // Вопросы этнической истории киргизского народа / Отв ред. О.Караев, И.Молдобаев. — Фрунзе: Илим, 1989. — С. 41—66.
Орусча түзгөн жыйнактары (как составитель сводов на русском языке)
- Кыpгызы: Источники. Истоpия. Этногpафия / Сост.: Омуркул Каpаев, Кенеш Жусупов. — Бишкек: Шам, 1996. — 620 с. (Фонд «Соpос—Кыpгызстан»). ISBN 5-7499-0042-8.
Ал тууралуу адабият
Өмүркул Караевдин чыгармачылыгы тууралуу атайын илимий диссертация Гүлжамал Эсеналиева тарабынан корголду (Бишкек, 2008).
2012-жылы Бишкекте бул айымдын "КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ОРТО КЫЛЫМДАРДАГЫ ТАРЫХЫН ИЗИЛДӨӨДӨ ӨМҮРКУЛ КАРАЕВДИН КОШКОН САЛЫМЫ" аттуу монографиясы жарыкка чыкты.
- Кыргыздын туңгуч чыгыш таануучусу, профессор Өмүркул Караевге (1930-2002) 85 жыл: (Макалалар топтому) / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2015. – 186+iv б., сүрөт. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. - “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. - ISBN – 978-9967-12-514-8.
- Эсеналиева, Гүлжамал Өмүракуновна. Өмүркул Караев – кыргыз элинин жана түрктөрдүн тарыхынын чыгаан изилдөөчүсү: (Профессор Өмүркул Караевдин (1930-2002) 85 жылдыгына карата) /Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Оңдолуп, кошумчаланган монография. - Бишкек: MaxPrint басмасы, 2015. – 186+ii б., сүрөт. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. - “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. - ISBN 978-9967-12-515-5.
- Кожобеков, Муратбек Чалакеевич. Кыргыз каганатынын тарыхы / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 188 б., карта, сүрөттөр. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ.] - ISBN 978-9967-02-942-2.
- Чоротегин Т. К. Алгы сөз // Кара уулу, Өмүркул. Көөнө түрктөр тарыхы: (Студенттер үчүн дарстар) / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Учкун, 1994. – 64 б. – Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты. – “Кыргыз таануучунун китеп текчесине” сериясы. – Мында: 3-5-бб.
- Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий био-библиографический свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. – Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2002. – 544 стр., илл., карта. - ISBN 5-89750-142-4.
- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
- Чоротегин Т. К. Профессор Өмүркул Караевдин байсалдуу жолу // Ала-Тоо. - Кыргыз жазуучуларынын ай сайын чыга турган адабий журналы. - Бишкек: Турар, 2015. - № 12. - Б. 98-105.
- Осмонаалы Сыдыков. «Мухтасар тарых Кыргызиа», «Тарих кыргыз Шадманиа» / Жооптуу редактор. Баш сөз, комментарийлер жазган жана түзүүчү М.Ч.Кожобеков. – Бишкек: «Турар», 2014. – 230 б.
Интернеттеги шилтемелер
- http://www.presskg.com/tuusu/08/0725_11.htm Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
Сүрөт баян
Ички шилтемелер
Темиркул Асановдун өз устатын эскерген макаласы
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.