From Wikipedia, the free encyclopedia
Ингуштар - (өздөрүн галгай деп аташат) – РФдин курамындагы Ингушстандын калкы. Чеченстан, Түндүк Осетия, Казакстан, Орто Азия жана Ж. Чыгышта да жашашат. Жалпы саны 472,5 миң киши (2003). Ингуш тилинде, ошондой эле орус тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Ингуштар жөнүндө алгачкы эскерүүлөр 7-к-га таандык. Тили жана маданияты боюнча чечендерге жакын. Байыркы убакта Ингуштар уруу жамааттарына (Галгай, Цорин, Жейрах, Мецхаль) бөлүнүп, тоолуу аймактарда жашап, 16-17- кылымдарда өрөөндөргө (Түндүк Осетия) отурукташышкан. 19-кылымдарда алгачкы Ангуш же Ингуш (азыркы Тар өрөөнүндөгү Тар кыштагы) кыш. пайда болуп, эл кыштактын атынан аталган. 19-кылымдын башталышында Россиянын, 20-кылымдарда РСФСРдин курамына кирип, Ингуш АО, 1934-ж. Чечен АО менен биригип, Чечен-Ингуш АО, 1936-ж. Чечен-Ингуш АССРи түзүлгөн. 1944-ж. Ингуштар күч менен Орто Азияга жана Казакстанга көчүрүлгөн. 1957-ж. Чечен-Ингуш АССРи калыбына келтирилип, Ингуштар кайрадан мекенине кайтып келишкен. Ингуштар мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишип, хата-мазанкада (дубалы топурактан согулган же жыгачтан жасалып, сырты ылай менен шыбалган үй) жашашкан. Салттуу кийимдери жалпы кавказ тибинде. Эркектер көйнөк, бешмант, черкеска, башына папах кийип, белине кур байланып, канжар тагынышат. Аялдар узун көйнөк, кенен ыштан кийип, оромол жамынышат. Тамак-ашы негизинен дан, эт, сүт азыктары жана жер-жемиштер.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.