From Wikipedia, the free encyclopedia
Кальциферол (Д витамини) организмде минералдык зат алмашууга, сөөк пайда болууга катышат, кальций менен фосфордун санын жөнгө салат, туздарды сиңирүүгө, алардын сөөк тканына чогулуусуна катышат. Д витамини өспүрүм балдарга, боюнда бар жана бала эмизген аялдарга өтө көп керек. Бала организминде Д витамини жетишпесе итий пайда болот. Негизинен Д витамини ультракызгылт көк нурлардын таасиринен кишинин терисиндеги провитаминден пайда болуп, андан башка органдарга өтүп, негизинен боор жана кан плазмасында чогулат. Д витамини тунец, треска жана башка балыктардын боорунда өтө көп, сары май жана жумуртканын сарысы, балык майында азыраак. Башка жаныбар тектүү продуктуларда Д абдан аз, өсүмдүк тектүү азыктарда болбойт.
Д витаминин чоң кишилер аз талап кылат, бирок ал күндүзгү жарык жетишпегенде (жер астында иштөө, түндүктө жашагандар жана башка) көбүрөөк керек болот. Кышында Д витамининин организминде пайда болушун кварц менен кактап күчөтсө болот. Д витамининин жетишсиздигин алдын алууда кичинекей жана эмчектеги балдарга көп учурда витамин препарат түрүндө берилет. Бирок аны врачтын көзөмөлүндө гана бериш керек, себеби ашык өлчөмдө берүү кабылдоолорго алып келиши мүмкүн (к. Гипервитаминоз). Майда эрүүчү витамин.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.