From Wikipedia, the free encyclopedia
Вацлав Гавел (Václav Havel, 1936-жылдын 5-октябры, Прага - 2011-жылдын 18-декабры, Градечек у Влчиц) – чехтердин чыгаан жазуучусу жана мамлекеттик ишмери.
Драматург, публицист, акын, диссидент, демократ саясатчы. Ал Чехословакиянын акыркы (тогузунчу) президенти (1989-1992) жана өз алдынча жумурият болуп калган Чехиянын туңгуч президенти (1993-2003) болгон.
Вацлав Гавел | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Вацлав Гавел (чехче Václav Havel) |
Туулган жылы: | 1936-жыл, 5-октябрь |
Туулган жери: | Прага, Чехия, мурдагы Чехословакия |
Өлкө: | Чехия |
Каза болгон жылы: | 2011-жыл, 18-декабрь (75 жашында) |
Каза болгон жери: | Градечек у Влчиц, Чехия |
Ишмердүүлүгү: | драматург, мамлекеттик ишмер, мурдагы диссидент |
Жанры: | драма, эссе |
Вацлав Гавел (Václav Havel) 1936-жылы 5-октябрда мурдагы Чехословакиянын борбору Прага шаарында жарык дүйнөгө келген.
Анын ата-теги бай жана интеллектуал үй-бүлөдөн чыккан.
Атасы Вацлав М. Гавел (1897–1979) Праганын түштүк чет жакасынын эң бийик бөлүгүндө жайгашкан “Баррандов террасасы” аттуу көп кабат үйдүн жана Баррандов филм студиясынын кожоюну болгон.
Энеси Божена Вавречкова (кийинчерээк Гавлова, 1913–1970) да аттын кашкасындай таанымал таасирдүү үй-бүлөдөн чыккан. Таятасы Гуго Вавречка (Hugo Vavrečka) белгилүү дипломат жана журналист болчу.
Ата-тегинин буржуазиялык чөйрөгө таандык болушунан улам, Вацлав Гавел социалисттик доордо кыйла запкы көргөн.
1951-жылы орто мектептин алгачкы бөлүгүн бүтүргөн, бирок коммунисттик бийлик анын андан ары окушуна тоскоолдук жараткан. Ал химиялык лабораторияда лаборант болуп иштеп, окуусун кечки орто мектепте улантууга аргасыз болгон, Праганын Штепанска көчөсүндө жайгашкан бул гимназияны ал 1954-жылы гана аяктаган.
1955-жылы “Кветен” журналы Вацлав Гавелдин алгачкы көркөм чыгармасын жарыялаган.
1959-жылы ал “Үй-бүлөнүн кечи” (Rodinný večer) деп аталган драмалык чыгармасын жазат. Бул – бир гана көрүнүштөн турган чыгарма болгон. 1969-жылга чейин анын чыгармаларын өз алдынча жарыялоого тыйуу салынган,
1959-69-жылдары анын чыгармалары “Театрдык гезит” (Divadelní noviny), “Театр” (Divadlo), “ Үй коногу” (Host do domu), “Адабият гезити” (Literární noviny), “Бейнелер” (Tvář) жана “Эртең” (Zítřek) сыяктуу журналдарга гана жарыяланып турган.
Буржуазиялык тектен чыкканы үчүн ага гуманитардык жогорку билим алууга тыйуу салынган.
Чехиянын Музыкалык өнөр академиясынын кино факултетине тапшыруу аракеттеринен майнап чыкпайт, аны окууга кабыл алышпайт.
Ошондуктан ал Прагадагы Чехия техникалык университетинин экономика факултетине тапшырат. Бирок эки жылдан соң бул окуусун таштап салат.
1964-жылы ал карапайым жумушчу тегинен чыккан Олга Шплихалова айымга (Гавлова, Olga Havlová / Šplíchalová) үйлөнөт (1964–1996), буга Вацлавдын энеси капа болот. 1996-жылы жубайы Олга рак оорусунун айынан каза болгон.
1997-жылы Вацлав Гавел кийинки жары Дагмар Вешкрнова айымга үйлөнөт. Азыр да Дагмар (Dagmar Havlová / мурдагы Veškrnová) айым менен жашайт.
1957-59-жылдары Вацлав Гавел Чехословакия аскеринде кызмат өтөйт, андан соң Прага шаарында “Баллюстрадагы Театр” (Divadlo Na zábradlí) аттуу театрда кара жумушчу болуп иштейт.
Вацлав ара-чолодо Прага шаарында Музыкалык көркөм өнөр академиясынын (Akademie múzických umění) Театр факултетинде сырттан окуйт жана аны 1966-жылы аяктайт.
Анын алгачкы жолу эл алдында аткарылган ири драмалык чыгармасы – 1963-жылы жазылган “Бакчадагы той” (Zahradní slavnost) пьесасы болгон, аны “Баллюстрадагы Театр” элге тартуулаган. Бул пьеса авторго эл аралык кадыр-барк алып келген.
Гавелдин “Меморандум” чыгармасы 1968-жылы Нью-Йоркто “Коомдук театрда коюлган.
1968-жылдан кийин Чехословакияда Гавелдин драмаларын ойноого тыйуу салынган чакта, Нью-Йорктогу Коомдук театр анын ар кыл чыгармаларын коюуну уланта берген, бирок авторго өлкөдөн чыгууга тыйуу салынгандыктан, ал мухиттин ары жагындагы өз оюндарын көрө алган эмес.
1968-жылы августта СССР баштаган “Варшава келишиминин” мүчөсү болгон социалисттик мамлекеттердин аскерлери Чехословакияга киргизилген алгачкы аптада Вацлав Гавел “Эркин Европа” үналгысынын Чехословак кызматына бул окуяларды сынга алган өзүнүн комментарийин берген.
Александр Дубчек баштаган чехословак коммунисттеринин 1968-жылдагы реформалык кыймылы (“Прага жазы”) чет элдик аскер күчү менен ойрон кылынган соң, Вацлав Гавелдин теар ишмердигине тыйуу салынган.
Бул реформачыл кыймылды Гавел коммунист эмес либералдык интеллектуалдык канаттын өкүлү катары колдоого алган болчу. Ал түгүл 1967-жылы жайында эле Гавел өлкөдөгү цензуралык тоскоолдук үчүн бийликтеги коммунисттерди сынга алып чыккан эле.
1968-жылкы окуяларга байланыштуу Гавел өз саясий ишмердигин жанданткан.
1968-жылы күзүндө Гавел Чехословакия Жазуучулар Биримдигинин мүчөсү болуп калат (бул уюм 1970-жылы таркатылганга чейин ага мүчө болгон).
1969-жылы 21-августта, “Варшава келишинин” аскерлеринин киргизилишинин бир жылдыгына карата, “Он упай” аттуу кайрылууга кол койгондордун арасында Гавел да болду. Бул кайрылуу советтик баскынчылыкты терең айыптаган.
Кийинчерээк Гавел пиво ачытуу жайында жумушчу болуп иштөөгө аргасыз болот. Мында көргөнүн ал “Аудитория” деген пьесасында чагылдырган.
Анын бир катар чыгармалары (арасында Фердинанд Ванек - Ferdinand Vaněk деген кейипкер тууралуу пьесалары) жашыруун көчүрүлүп, бүткүл Чехословакиянын аймагы боюнча тымызын колдон колго өтүп таркатылган.
1976-жылы коммунисттик режим рок-музыканын көз каранды эмес топторун куугунтукка ала баштаган. “Ааламдын желим кишилери” (The Plastic People of the Universe) деп аталган рок тобунун мүчөлөрү камакка алынганда, Вацлав Гавел, Йиржи Немец жана башка интеллектуалдар камактагы өнөрпоздорго тилектештик билдирип коргоп чыгышты.
“Хартия 77” деген саясий демилге тобунун кайрылуусуна да кол коюп, Вацлав Гавел коммунисттик режимдин цензурачыл саясатын күрөшкер интеллектуал катары сындаган. Бул демилгелүү топ 1992-жылы ыктыярдуу жоюлганга чейин анын мүчөсү болгон.
Вацлав Гавел бир нече жолу коммунисттик абакта отуруп чыккан.
Анын эң узак түрмөдө отурган мезгили – 1979-жылдын июн айынан 1984-жылдын январ айына чейин созулган. Бул учур анын жубайы “Олгага жазылган каттарында” чагылдырылган.
Вацлав Гавел коммунисттерге каршы зомбулук аракетсиз каршылык көрсөтүү усулун жактырганы үчүн аны мурдагы АКШ президенти Билл Клинтон индиялык коомдук ишмер Махатма Гандиге салыштырган.
1989-жылы Вацлав Гавел Чехословакиядагы ыңкылапчыл кыймылдын лидерлеринин бирине айланат. Бул жибек ыңкылабы ошол жылы 17-ноябрда эч кандай зомбулук аракеттерсиз эле Чехословакиядагы коммунисттик режимди кыйраткан.
Гавелдин урааны – “Чындык жана сүйүү жалгандык менен жек көрүүнү жеңет” деген сөз болду.
1989-жылы 29-декабрда антикоммунисттик “Атуулдук форумдун” жетекчиси Вацлав Гавел Чехословакия Федерациялык кеңешинин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен Чехословакиянын президенти болуп шайланды.
“Саясатка анча кызыкпайм” деген инсан, ошентип, жогорку саясий кызматты ээлеп калды.
1990-жылкы эркин шайлоонун жыйынтыгында ал бул кызматты аркалоосун улантты.
Ал Чехословакиянын бирдиктүү мамлекет болуп сакталышын колдогон. Бирок 1992-жылы 3-июлда Чехословакия Федерациялык кеңеши аны президенттикке шайлаган жок, анткени парламенттеги словак депутаттар добуш берүүгө катышпай койгон.
Словактар өздөрүнүн Көз каранды эместик декларациясын жарыялаган соң, 1992-жылы 20-июлда Вацлав Гавел Чехословакия президенти кызматынан чегингенин жарыялады. Ал Чехословакиянын мамлекет катары ыдырашы маалында аны жетектөөдөн баш тартаарын билдирди.
Өз алдынча Чехия жумурияты түзүлгөндө, 1993-жылы 26-январда ал президенттик шайлоого талапкер катары катышып, шайлоодо жеңип чыкты.
Бирок анын президенттик бийлиги алда канчяа чектелүү болуп калды, Ал, негизинен, “журт атасы” катары моралдык бийликке ээ болду, саясий ыйгарым укуктардын көпчүлүгү эми өкмөт башчыга өттү.
Президенттиги маалында Вацлав Гавел коммунизм тушунда адилетсиз камакка алынган саясий туткундагыларды бошотуу демилгесин көтөрдү.
1996-жылы декабрда дарыгерлер Вацлав Гавелге “өпкө рагы” диагнозун коюшту. Ал чылым чеккен өнөкөтүн таштап, дарыланды.
1996-жылы жубайы Олга (Olga Havlová) рак оорусунун айынан каза болду. Алар 32 жыл бирге өмүр сүргөн болчу.
Бир жыл өтүп-өтпөй Вацлав Гавел театр өнөрпозу Дагмар Вешкрнова (Dagmar Veškrnová) айымга үйлөндү.
Гавел Чехиянын НАТОго киришин колдогон саясатты тутту.
1998-жылы Чехия парламенти аны экинчи мөөнөткө президент кылып шайлады.
2003-жылы 2-февралда ал Чехия президенти кызматынын мөөнөтү аяктап, бул кызмат ордунан кетти.
Гавелдин ордуна анын каршылашы Вацлав Клаус 2003-жылы 28-февралда Чехия президенти болуп шайланды.
1997-жылдан бери Вацлав Гавел “Форум-2000” аттуу эл аралык жыйынды уюштуруп келет.
Бул жыйындын айрым отурумдарына тибеттик руханий жолбашчы Далай Лама, чыгыш түркстандык уйгурлардын коомдук лидери Рабия Кадыр өңдүү ар кыл коомдук ишмерлер катышкан.
2007-жылы май айында Гавелдин “Сепилге карай жана андан кайткан жол” аттуу эскерүүлөр китеби чыкты, анда ал өзүнүн президенттикти аркалаган жылдарын эскерип жазат. Китепте анын курган маектери да камтылган.
Драматург катары 18 жылдык тыныгуудан соң, 2007-жылы ноябрда Гавел “Кызматтан кетүү” (Odcházení) аттуу жаңы драмасын жарыялады. Бул драма 2008-жылы 22-майда Прага шаарындагы “Арха” театрында алгачкы ирет ойнолду.
Бул “Кызматтан кетүү” чыгармасы кийин көркөм филм катары да тартылып, Гавел өзү анын режиссеру болуп калды. Тасма 2011-жылдын 22-мартында Чехияда алгач көрсөтүлдү.
Чыгармада канцлер Вилем Ригер (Vilém Rieger) кызматтан кеткенден кийинки баштан кечирген окуялар сыпатталат. Гавел бул чыгармасында Уилям Шекспирдин “Падыша Лир” жана Антон Чеховдун “Алчалуу бак” чыгармаларынын мотивдерин пайдаланган.
2008-жылы Вацлав Гавел Сабырдуулуктун жана элдешүүнүн Европалык кеңешине мүчө болуп калды. Бул бейөкмөт уюм Европада сабырдуулукка чакырып, ксенофобияга каршы күрөш жүргүзүү максатын көздөйт.
2009-жылы 5-апрелде Прагада Европа Биримдиги менен АКШнын саммити өтүп жатканда, Вацлав Гавел АКШ президенти Барак Обама менен жолугушту.
Вацлав Гавел Адам укуктары корунун Эл аралык кеңешине төрагалык кылып келет.
Гавел, ошондой эле, Коммунизм курмандыктарын эскерүү корунун Эл аралык кеңешчи тобунун мүчөсү.
2011-жылдын 1-октябрында Прага шаарындагы Заманбап көркөм өнөр борборунун кеңсесинде Вацлав Гавелдин 75 жылдыгына арналган чакан кече өттү. Ага мурдагы АКШнын Мамлекеттик катчысы, теги чехиялык Мадлен Олбрайт, мурдагы чех диссиденттери, илимпоздор, көркөм өнөр өкүлдөрү, Гавелдин туугандарынын өкүлдөрү, дипломаттар, тышкы иштер министри Карел Шварценберг ж.б. катышышты.
Чакан сөз сүйлөгөн Вацлав Гавел конокторго мындай деди:
"Канчалык жашым узарган сайын мен ошончолук тартынчаак болуп баратам. Мен ар кандай мүмкүн болгон же болбогон окуялар үчүн деле уят болуп калгандай сезип жүрөм. Эми мен ал түгүл той өткөрүп атканым үчүн да, сөз сүйлөгөнүм, сөзүмдү тыңдап жаткандары үчүн да уялгандай сезчү болдум".
Мааракенин алдында Вацлав Гавелдин бейнесине көлөкө түшүрчү айрым макалалар да кээ бир жергиликтүү басылмаларга жарыяланган.
Вацлав Гавел рак оорусунун айынан 2011-жылдын 18-декабрында (Бештин айынын 18инде)Чехиядагы Градечек у Влчиц (Hrádeček u Vlčic) жергесинде дүйнөдөн кайтты.
1994-жылы 4-июлда Гавел мырза Филаделфиянын Эркиндик медалы менен сыйланган.
2002-жылы Эл аралык кызматташтыктын прагалык коому тарабынан ал “Ханно Р.Эленбоген атындагы атуулдук сыйлыкка татыктуу болгон.
2003-жылы Индия өкмөтү аны Махатма Ганди атындагы Эл аралык Тынчтык сыйлыгы менен сыйлады.
Ошол эле жылы Ал “Эл аралык мунапыс” (Amnesty International) уюмунун “Ар-намыс элчиси” сыйлыгына татыды.
2009-жылы ага германдык кадыр-барктуу “Квадрига” сыйлыгы ыйгарылды, бирок бул сыйлык 2011-жылы орус премьери Владимир Путинге да ыйгарылганын уккан соң, Гавел өз сыйлыгын кайра артка кайтарды.
Бир катар университеттердин ардактуу доктору.
Австриянын Илим жана Өнөр медалы. 2005.
АКШнын “Эркиндиктин президенттик медалы”. 2003.
Аргентинанын “Боштондукка Чыгаруучу Сан Мартин” ордени. 1996.
Бразилиянын “Түштүк Чырым” ордени. 1996.
Венгриянын “Мажарстанга Сиңирген эмгеги үчүн ордени”. 2001.
Германиянын “Германияга Эмгек сиңиргендиги үчүн” ордени. 2000.
Индиянын Ганди Тынчтык сыйлыгы. 2003.
Полшанын “Ак бүркүт” ордени. 1993.
Словакиянын “Ак кош чырым” ордени. 2003.
Украинанын “Акылман Ярослав” ордени. 2006.
Улуу Британиянын “Чоң чырымынын” ээси (Knight Grand Cross). 1996.
Уругвайдын “Жумурият” медалы. 1996.
Түркиянын Улуттук медалы. 2000.
Франциянын “Өнөр жана каттар” ордени. 2001.
Чехиянын Биринчи даражадагы “Ак арстан” ордени. 2003.
Эстониянын “Ыйык Мария Жеринин Чырымы” ордени. 1996.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.