Атаке баатыр
From Wikipedia, the free encyclopedia
From Wikipedia, the free encyclopedia
Атаке Тынай бий уулу - Тагай конфедерациясынын Чоң бийи болгон жана 1785-1787-жылдары түндүк кыргыздар менен Орусия империясынын ортосунда биринчи дипломатиялык мамилелерди түзгөнү менен белгилүү болгон.
Атаке Тынай бий уулу | ||
| ||
---|---|---|
1780 — 1787 | ||
Туулган жылы: | 1738 жыл | |
Туулган жери: | Андижан | |
Каза болгон жылы: | 1787 жыл | |
Каза болгон жери: | Ысык-Көл | |
Уруусу: | Сарыбагыш | |
Атасы: | Тынай Баатыр | |
Балдары: | Карабек
Таштанбек Абылай Солтоной | |
Кесиби: | Чоң бий |
Атаке казак хандары, султандары менен кырдаалга жараша мамиле түзгөн. Өзгөчө Бүкөй төрө менен өтө жакын болгон. Кыргыз санжырасында Атакенин Кокон башчысы Нарбото бийге жолукканы жөнүндөгү аңыз кептер сакталып калган. Ошол кездешүүдө Атаке баатыр акылман башкаруучу, дипломат экенин көрсөткөн. Айрым маалыматтарда Атаке баатыр тубаса коёнээк төрөлгөн деп айтылса, экинчи бир маалыматта, салгылашта үстүңкү эрдине найза тийип, эрини экиге бөлүнүп, тиши ачылып, ыраңы бузулуп калгандыктан, оозу-мурдун жаап жүргөн деп айтылат. 1825-ж. Кокон хандыгынын кысымынан Атаке сарыбагыш уруусунун бир бөлүгү менен Ысык-Көлгө убактылуу журт которуп кеткен. Атакенин баласы – Карабек, Карабектен Жантай, Жантайдан Шабдан. Кийинчерээк кыргыздар Россиянын курамына бириктирилгенден кийин Атаке баатырдын укум-тукуму Атаке болуштугун түзүшкөн.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.