Акматалиев Абдылдажан (Мелис) Амантурович (15.1.1956-ж. т., Нарын ш.) — адабиятчы, сынчы, акын, филология илимдеринин доктору (1990), профессор (1991), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1999), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (2002, 2004).
1979-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Улуттук илимдер академиясында иштейт. Тил жана адабият институтунда кенже, 1983-жылдан улук, 1990- жылдан жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеди.
1992-жылдан 2013-жылга чейин институттун директору (1992-жылдан Кыргызстан УИАнын Адабият жана көркөм өнөр таануу институтунун директору, 1995-жылдан Манас таануу жана көркөм маданият улуттук борборунун директору; 2008-жылдын июнь айынан бери Кыргыз УИАсынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору) болуп иштеди.
2013-жылдан бери Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти кызматын аткарат. Эмгек стажы – 37 жыл.
Анын негизги эмгектери айтматов таанууга, Манас таанууга, кыргыз фольклористикасына, айрыкча Ч. Айтматовдун чыгармачылыгын иликтөөгө арналган.
37 монография, китептердин, 7 брошюранын, 600дөн ашуун макала-маектердин автору.
Эмгектери түрк, орус, англис, немец, француз, кытай, жапон, казак, өзбек, азербайжан тилдеринде жарык көргөн. Анын жетекчилиги менен кыргыз маданиятына байланыштуу 300дөн ашуун эмгек жарыкка чыккан.
Илимий-педагогикалык кадрлар даярдоодо да салым кошкон: 9 илимдин докторун, 49 илимдин кандидатын даярдаган.
Кадрлары республиканын бардык региондорун камтыйт, ошону менен бирге орус, түрк, кытай, казак улутунан да шакирттери бар.
Эл аралык 30дан, республикалык 150дөн ашуун илимий-практикалык конференциянын уюштуруучусу жана катышуучусу.
Москва, Бээжин, Токио, Сеул, Астана, Париж, Анкара, Стамбул ж.б. шаарларда илимий баяндамалар окуган.
Айтматов таануу боюнча айрым эмгектери
Ч. Айтматов жана кыргыз-казак адабий байланыш (1981),
Ч. Айтматовдун чыгармачылык жолу (1988)
Ч. Айтматовго таасирленүү (1988)
Ч. Айтматов жана боордош элдер адабияты (1988)
Ч. Айтматов: жизнь и творчество (1991)
Чыңгыз Айтматов и взаимосвязи литератур (1991)
Ч. Айтматов жана көркөм процесс (1992)
Значения творческой активности Ч. Айтматова в процессе взаимообогащения национальных литератур (1994)
Ч. Айтматовдун космосу – адам жана аалам” (1995)
Улуу асыл идеялар Манаста жана Айтматовдо (2010)
Рух дүйнөсү: Манас жана Айтматов (2012)
Ч. Айтматов: Человек и Вселенная (2013)
Бул жана башка монографиялар, китептер жана изилдөөлөр Айтматов таануу илиминдеги урунтуу эмгектер болуп саналат. Аталган илимий эмгектерде Ч. Айтматовдун таланты, көркөм философиясы, улуу сүрөткердин улуттук жана дүйнөлүк адабий процесстеги орду, ролу, таасири дыкат жана терең иликтөөгө алынып талданган.
1990-ж. "Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын СССР элдериндеги түрк тилдүү адабияттар менен эриш-аркактыгы" (“Творчество Ч. Айтматова во взаимодействии с тюркоязычными литературами народов СССР”) аттуу докторлук диссертациясын жактаган.
Башка эмгектери
А. Акматалиев "Манастын" Сагымбай (1-3 китеп) менен Саякбайдын (1-2 китеп) варианттары боюнча академиялык басылышынын башкы редактору жана башкы редактордун орун басары.
Акматалиевдин “Байыркы орток түрк адабиятынын очерки” (2001), “Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандар” (2001, Анкара) аттуу эмгектери анын адабият таануу илиминде өздөштүрүлө элек жаңы тематикаларды жана проблемаларды изилдөөгө ийгиликтүү киришкендигин тастыктайт. Эмгектери орус, казак, англис, француз, кытай, немис, испан, түрк тилдеринде жарыяланган. Акматалиевдин эмгектери өзүнүн илимий негиздүүлүгү, теориялык тереңдиги, фактылык базасынын байлыгы, практикалык жактан маанилүүлүгү, маселеге кеңири тарыхый-адабий, маданий контекстке карай билгендиги, ыймандуулугу жана жеткиликтүүлүгү менен бөтөнчөлөнөт.
Акматалиевдин жетекчилиги, уюштуруучулугу жана жигердүү катышуусу менен «Эл адабияты» сериясынан калкыбыздын бай фольклордук мурастарын камтыган 40 томдук жарык көргөн.
Бул факт Кыргызстандын маданий турмушундагы баа жеткис маанилүү окуя.
Ошондой эле илимпоз-уюштуруучунун демилгеси менен советтик идеологиянын тушунда көмүскөдө келген Калыгул, Арстанбек, Калмурза, Эсенаман, Үмөтаалы, Жеңижок, Солтобай сыяктуу элдик таланттардын чыгармалары окурман журтчулугунун колуна тийди.
Акматалиев “Комуз күүлөрү” аттуу 125тен ашык музыкалык мурастарды жаздырган.
Акматалиевдин жетекчилиги менен Кыргыз адабиятынын тарыхы (7 томдук) жарык көрүшү да адабий-илимий турмушубуздагы көрүнүктүү окуялардан болуп калды.
Айтматов клубдарынын эл аралык ассоциациясынын президенти, Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын президенти.
Калифорния эл аралык академиясынын академиги.
Түштүк Корея республикасынын Азия маданий шаарын куруу боюнча эл аралык кеңешинин мүчөсү,
Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин мүчөсү,
Кыргызстан Журналисттер Биримдигинин мүчөсү,
“Манас” – 1000 Улуттук уюштуруу Комитетинин мүчөсү,
"Ысык-Көл форумунун" (шеринесинин) катышуучусу,
Ч.Айтматовдун 60, 70, 80, 85 жылдыктарын Уюштуруу комиссиясынын мүчөсү, ж.б.
Кыргызстандагы Диссертациялык кеңештин төрагасы.
Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин окутуучусу, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу, С.Демирель атындагы Казак-түрк университетинин окутуучусу, Түркиянын Анкара университетинин окутуучусу болуп да иштеген.
“Билге” журналынын (Түркия), “Билиг” журналынын (Түркия), “Кардеш калемгер” журналынын (Түркия), “Түркология” журналынын (Казакстан), “Кыргызстан маданияты” газетасынын (Кыргызстан), “Кыргыз тили” гезитинин (Кыргызстан), “Адабий Ала-Тоо” гезитинин (Кыргызстан), “Эл агартуу” журналынын (Кыргызстан), “Тил, адабият жана искусство маселелери” журналынын (Кыргызстан) ж.б. редколлегия мүчөсү.
2000-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын улуттук ИАсынын корреспондент-мүчөсү.
Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандан. - Анкара, 2001. - 380 б. – түрк.
Чыңгыз Айтматов: Жизнь и творчество. - Б.: Мектеп, 1991. 240 б – франц., нем., англ.
Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсү. - Анкара, 1998. – 221 б. – түрк.
Аалам, Инсан, Барс. – Б., 2002. – 608 б. – түрк.
Чагылган үндүү манасчы – Айтматов. – Элазык, 2008. – 120 б. түрк.
Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
Айтматов академиясынын академиктери / Жыйнакты түзгөн Дилдебек Андашев; Жооптуу редактору Четин Жумагулов. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 2011. – 104 бет, сүрөттөр. – (Мында: 20-21-бетте). – ISBN 978-9967-14-087-5.
Тил, адабият жана искусство маселелери: Илимий журнал. - № 1. Атайын чыгарылыш. "Манастан" Чыңгыз Айтматовго карай: Проблемалар жана көз караштар": Эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары: (Бишкек, 15-январь, 2016). - Бишкек, 2016. - 448 бет. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы. Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмү. Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту. - ISBN 1694-6316.