From Wikipedia, the free encyclopedia
Акиташ теги - негизинен кальцит (кээде арагонит) минералынан (CaCO3) турган чөкмө тоотек. Курамында кальциттен башка доломит, чопо, кварц, лимонит, глауконит, органикалык заттар жана башкалар кездешет. Акиташ теги бардык геологиялык мезгилдердин чөкмө тоотек катмарларынан жолуктурууга болот. Курулуш ишинде, цемент даярдоодо, металлургияда (флюс катары), агрономияда (кычкылданып кеткен кыртышты нейтралдоодо) жана эл чарбасынын башка тармактарында пайдаланылат. Акиташ теги метаморфизм процессине дуушар болсо - мраморго, бышырылса - акиташка айланат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.