Айыл башчысы — Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча, тийешелүү аймак жашоочуларынын макулдугу менен айылдык жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчысы болуп дайындалган Кыргызстандын жараны. Айыл башчысы кызмат орду айыл өкмөтүнүн эмгек акысынын чегинде, айыл жана кыштык кеңештеринин чечими боюнча өз алдынча жайгашкан калктуу жайлардын жергиликтүү иштерин ыкчам башкарууну уюштуруу максатында киргизилген. Калк жашаган жайлардын аймактык өзгөчөлүгү менен карманган каада-салттарын эске алуу менен, айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткарат. Эгерде айыл өкмөтүнүн аймактык курамы эки-үч же андан көп айылдардан турса, анда ар бир айылдын айыл өкмөтү тарабынан дайындалган айыл башчысы болот.

Булактар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов, Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б

Wikiwand in your browser!

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.

Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.