Абай облусу

Казакстандын чыгышындагы облусу From Wikipedia, the free encyclopedia

Абай облусу
Remove ads

Абай облусу (каз. Абай облысы, Abai oblysy) — Казакстандын чыгыш бөлүгүндөгү облус, 2022-жылы 8-июнда түзүлгө[1], административдик борбору – Семей шаары.

Thumb
Ыкчам фактылар Өлкө, Административдик борбор ...

Физикалык жана географиялык мүнөздөмөлөрү

Географиясы

Облус Казакстандын чыгышында жайгашкан, чыгышында Чыгыш Казакстан облусу, түштүгүндө – Жети-Суу облусу, батышында – Караганды облусу, түндүк-батышында – Казакстандын Павлодар облусу менен чектешет, түндүгүндө - Орусияда (Алтай кыры), түштүк-чыгышында - Кытай менен (Шинжаң-Уйгур автоном району).

Рельефи

Облустун басымдуу бөлүгүн казак тоо кыркаларынын чыгыш бөлүгү ээлейт жана бийиктиги 500-700 м келген толкундуу түздүк. Түштүк-чыгышында Тарбагатай кырка тоосу 3000 мге чейин сөзүлүп, Зайсан жана Балхаш-Алакөл ойдуңдарын бөлүп турат. .

Облустун түндүк бөлүгүн кара топурактуу талаа ээлейт, бирок аймактын көпчүлүк бөлүгүндө чөлдүү талаа басымдуулук кылат.

Гидрографиясы

Казакстандын бардык суу запастарынын 40%дан ашыгы өлкөнүн чыгышында топтолгон.

Райондун негизги суу артериясы – Иртыш дарыясы, анын жээгинде Чүлбү ГЭСи жайгашкан.

Абай облусунда көптөгөн көлдөр бар, алардын эң чоңу Алакөл жана Сасыккөл, ошондой эле Чүлбү суу сактагычы.

Климаты

Климаты кескин континенттик, абанын температурасынын суткалык жана жылдык амплитудалары чоң. Кышы катаал, жайы ысык. Январдын орточо температурасы -17°С, июлдун +21°С, жаан-чачыны жылына 300 мм. Шамалдын жылдык орточо ылдамдыгы 2,3 м/с, абанын жылдык орточо нымдуулугу 66%.

Remove ads

Шилтемелер

Loading content...
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads