![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/1/12/Google_Drive_icon_%25282020%2529.svg/langky-640px-Google_Drive_icon_%25282020%2529.svg.png&w=640&q=50)
Google Диск
From Wikipedia, the free encyclopedia
Google Диск (англ. Google Drive) - Google компаниясы түзгөн жана колдогон файл хостинги. Анын функцияларына файлдарды интернетте сактоо, аларды башкалар менен бөлүшүү жана бирге редакциялоо кирет. Google Дисктин курамына Google Документтер, Таблицалар жана Презентациялар кирет. Булар - тексттик документ, электрондук таблица, презентация, чийме, веб-форма жана башка файлдардын үстүндө бирге иштөө үчүн кеңсе колдонмолорунун тутуму. Дисктеги жалпыга жеткиликтүү документтер издөө системдери тарабынан индекстелет.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/1/12/Google_Drive_icon_%282020%29.svg/320px-Google_Drive_icon_%282020%29.svg.png)
Google Дисктин бет ачары 2012-жылдын 24-апрелинде болгон. 2014-жылдын октябрына чейин айлык активдүү колдонуучуларынын саны 240 миллион болгон.