Жылдын - 440 күнү. Жыл аягына чейин 25 күн бар
- 1824-жылы: Кажыбай Ныша, Муса жана Качыбек Шералин бийлер Омск шаар башчысы Семён Богдановичке кат жолдошкон.
- 1918-жылы: Совет бийлигине каршы Таласта кулактардын козголоңу чыккан.
- 1925-жылы: Кыргыз автономиялуу облусунун жетекчилиги Бүткүл союздук Аткаруу комитетинин президиумуна автономиялуу облустун статусун өзгөртүү сунушу менен кайрылган.
- 1955-жылы: ЖКнын V чакырылыштагы депутаты, “Республика” партиясынан шайланган Роза Акназарова жарык дүйнөгө келген.
- 1968-жылы: ЖКнын III, V чакырылыштагы депутаты, “Ата Журт” партиясынан шайланган Садыр Жапаров туулган.
- 2006-жылы: Жаш саясатчылар форуму өлкөнүн ХИПК программасына кирүүсүнө каршы пикет уюштурушуп, анда ЭВФтин башчысынын сүрөтүн өрттөшкөн.
- 1492-жылы: Христофор Колумб Гаити аралын ачкан.
- 1892-жылы: “Siemens AG” фирмасынын негиздөөчүсү, ойлоп табуучу, инженер Вернер фон Сименс көз жумган.
- 1921-жылы: Англиялык-ирландиялык келишимге кол коюлуп, туура бир жылдан кийин Ирландия көз карандысыздыгына ээ болгон.
- 1957-жылы: Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Михаил Евдокимов туулган.
- 1958-жылы: “Тоокканадан качуу” мультфильми аркылуу таанымал болгон британиялык аниматор, Оскар сыйлыгынын төрт жолку лауреаты Николас Парк жарык дүйнөгө келген.