5-январь — Григорий жылсанагы боюнча жылдын 5-күнү, жылдын аягына чейин 360 (толук жылда 365) күн бар.
Майрамдар
Улуттук
Серб Республикасы, Сербия, Монтенегро — Туциндан майрамы.
Кесиптик
Беларусь — Социалдык коргоо кызматкерлеринин күнү.
Окуялар
Кыргызстанда
- 1943 — "СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалын уюштуруу" тууралуу токтом кабыл алынган.
- 1992 — Кыргызстан жана Кытай ортосунда дипломаттык мамилелер түзүлгөн.
Дүйнөдө
- 1769 — Жеймс Уатт өзү ойлоп тапкан буу машинасына патент алган.
- 1933 — Сан-Францискодо “Алтын Дарбаза” асма көпүрөсүнүн курулушу башталган.
Төрөлгөндөр
- 1592 — Шах-Жахан, Улуу Моголдор империясынын султаны.
- 1837 — Василий Радлов, орусиялык чыгыш таануучу, тюрколог, этнограф, археолог.
- 1855 — Кинг Кэмп Жиллетт, америкалык ойлоп табуучу, коркунучсуз устаранын алгачкы өндүрүүчүсү.
- 1905 — Кусеин Карасаев, кыргыз совет тилчиси, илимпоз.
- 1932 — Умберто Эко, италиялык жазуучу, философ, ойчул.
- 1941 — Хаяо Миядзаки, жапониялык аниме-режиссёр.
- 1949 — Дүйшөнбек Байдөбөтов, советтик жана кыргызстандык театр жана кино актёру, КРнын Эл артисти.
- 1969 — Мэрилин Мэнсон, америкалык рок-музыкант.
- 1975 — Брэдли Купер, америкалык актёр.
Каза болгондор
- 1589 — Екатерина Медичи, Франциянын ханышасы.
- 1975 — Иса Ахунбаев, кыргыз совет хирургу, медицина илимдеринин доктору, профессор.
- 2014 — Эйсебио, португалиялык футболист
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.