From Wikipedia, the free encyclopedia
Эстебес Турсуналиев (5-май, 1931-жыл, Кара-Арча айылы (Талас облусу) — 11-октябрь, 2005-жыл, Бишкек) — белгилүү акын, төкмө акын, комузчу. СССРдин эл артисти (1988-ж.)
Эстебес Турсуналиев | |
Туулган жери: |
Арал айылы |
---|---|
Жарандыгы: | |
Ишмердүүлүгү: |
төкмө акын, акын, комузчу |
Сыйлыктары: |
«Ардак белгиси» ордени,«1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Ме-кендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары. |
Эстебес Турсуналиев — 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган. Анын атасы Турсуналы комузду жакшы черткен. Энеси Арпаян оозеки чыгармаларды мыкты билген жомокчу, кошокчу болгон. Эстебес 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашынан баштап өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерине, райондук, областтык жана республикалык кароолорго жигердүү катышып келген.
Ал кыргыздын төкмөлүк өнөрүн, айтыштык салтты өнүктүрүп, манасчылык жөндөмүн Жапония, АКШ, Германия, Түркия, Орусия, Канада, Франция, Румыния, Венгрия, Финляндия, Швеция, Швейцария, Дания, Тунис, Алжир, Сирия, Йемен, Вьетнам, Лаосто да көрсөтө алган.
Э.Турсуналиев кыргыз элинин фольклордук ырларын аткаруучу солист катарында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенип, фольклордук топ менен бирге Индияда, Бельгияда, Швецияда, Францияда, Японияда ж.б. өлкөлөрдө гастролдордо болгон.
Эстебес Турсуналиев филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүндө төкмөлүк өнөр менен айкалыштырып, "Акындын үнү", "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм”, "Кайыңды" аттуу китептери жарыкка чыгарган.
Ага Кыргыз Мамлекеттик кон-серваториясынын фольклор бөлүмүнүн профессору деген наам ыйгарыл-ган.
«Ардак белгиси» ордени, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Ал 2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында дүйнө салган.
Аялы– Райгүл жана сегиз баласы бар: Съездбек, Насыпбек, Эркинбек, Таалайбек, Толкуна, Нурдин, Айнура, Нурлан.
Анын чыгармалары 1950-жылдан баштап басма сөздө жарык көрө баштаган. 1952-жылдан өнөктөшү Т.Тыныбеков менен комуздун коштоосундагы айтыш ырларын жаза баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Акындын үнү» деген ат менен 1960-жылы басылып чыккан. Бир катар ырлар жана айтыштар жыйнактарынын автору. Сегиз китептин автору.
Актандайлар. Бишкек-2004.
Манас району. Энциклопедия. Бишкек -2006.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.