From Wikipedia, the free encyclopedia
Кусеин Эсенкожоев (1920-жыл, 20-май –1944-жыл 15-март) - биринчи кыргыз фантаст жазуучусу, акын, котормочу жана балдар жазуучусу. 1939-жылдан тартып СССР жазуучулар союзунун мүчөсү.
Бул макала азырынча бүтө элек Учурда Kairat Zamirbekov тарабынан оңдолуп-түздөлүп жатат (25-октябрь, 2017-жыл). Сураныч, бул калып бул жерден кетмейинче оңдоолорду киргизбөөңүздөрдү суранам. Сунуш же баалу маалымат болсо мага кайрылыңыз (кат жазуу). |
Кусейин Эсенкожоев | |
Туулган жери: |
Ичке-Булуң айылы, (азыркы Жети-Өгүз району) |
---|---|
Жарандыгы: | |
Ишмердүүлүгү: |
жазуучу-фантаст, акын, котормочу, прозаик |
Багыты: |
балдар жазуучусу |
Жанр: |
фантастика |
Сыйлыктары: |
"Кызыл жылдыз" ордени, "Эрктиги үчүн" медалы |
Кусеин Эсенкожоев - 1920-жылы 20-майда Ичке-Булуң айылында (азыркы Жети-Өгүз району) туулган. Молдо баласы. Эрте жашынан жетим калып, байкесинин колунда өскөн.
Орто мектепти 17 жашында бүтүрүп, ошол эле жылы күзүндө Кыргызстан Мамлекеттик педагогикалык институтка келип кирет. Кусейин Эсенкожоев институттун акыркы курсунда окуп жатканда Алма-Атадагы офицерлерди даярдоочу согуш мектебине жиберилип мектепти кыска мөөнөттө бүтүрүп чыгып, офицердик наам менен фронтко аттанып, Москва алдындагы катуу салгылашта жыйырмадан жаңы ашкан кезинде курман болот.
К.Эсенкожоев өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө «Саякатчы бала», «Үчүнчү шар», «Родинанын уулу» ж.б. балдарга арналган илимий-фантастикалык кызыктуу чыгармаларды жазган.
Ал көп ырларды, поэмаларды, очерктерди, фельетондорду жазган, көбү бүтпөй калган. К.Эсенкожоевдин котормосу менен Пушкиндин, Лермонтовдун, Маяковскийдин бир нече ырлары кыргыз тилинде чыккан.
Кыргыз адабиятынын тарыхында К.Эсенкожоев кыргыз балдар адабиятынын негиз салуучуларынын бири.
Кусеин Эсенкожоев — балдарга арналган бир катар фантастикалык чыгармалардын жана котормолордун автору.
Эң биринчи аңгемелерин Казанда жарыялаган. 1937-жылы өзүнүн чыгармаларында, шар формасындагы аппарата адам менен ит космоско учкандыгы жөнүндө айтылат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.