Эминем
From Wikipedia, the free encyclopedia
III Маршалл Брюс Мэтерс (англ. Marshall Bruce Mathers III ; 1972-жылы 17 октябрь, Сент-Жозеф, Миссури, АКШ) - Эминем (англ. Eminem) сахналык аты менен таанымал болгон америкалык рэпер, музыкалык продюсер, композитор жана актёр.
Eminem
Marshall Bruce Mathers III | |
Негизги маалымат | |
---|---|
Төрөлгөндөгү ысымы |
Маалыматтардын маңызы белгисиз. |
Толук ысымы |
Маршалл Брюс Мэтерс III |
Туулган датасы |
17 -октябрь 1972(1972-10-17) (51 жаш) |
Өлкө | |
Кесиптери |
рэпер, музыкалык продюсер, композитор, актёр |
Аспаптары |
Вокал, синтезатор, семплер |
Жанрлары |
рэп |
Активдүү жылдары |
1988–жылдан баштап... |
Кызматташтык |
50 Cent, Dr. Dre, Nate Dogg, Obie Trice, Rihanna, Skylar Grey, Jay-Z Slaughterhouse, Lil Wayne, Royce da 5'9 |
Лейблдар |
Aftermath, Shady, Interscope |
Сыйлыктары |
Грэмми, Оскар |
Автографы |
[[Файл:Lua error in Модуль:Wikidata/media at line 33: attempt to concatenate local 'value' (a nil value).|80px}}]] |
http://www.eminem.com |
Соло мансабындан тышкары, Маршалл D12 аттуу тобунун жана Bad Meets Evil хип-хоп-дуэтинин да мүчөсү. Эминем эң көп сатуулары болгон музыкалык артисттердин арасына кирет. Көпчүлүк журналдар аны баардык мезгилдеги эң мыкты музыканты деп аташат. Анын ичинде Rolling Stone журналы боюнча “100 улуу артисттер” тизмесинде ал 83 орунга жайгашкан. Ошондой эле, бул журнал аны хип-хоптун Королу деп да жарыялаган. Эгерде анын студиялык жумуштарын эсептесек Эминемдин 10 альбому Billboard 200 чарттарынын эң жогорку орундарын ээлеген. Соло артист катары Эминем бүт дүйнө боюнча 100 миллиондон ашык үн жазууларын сатты. 1996-жылы Infinite (кырг. чексиз) аттуу жеке дебюттук альбому чыккандан кийин, Эминем 1999-жылы негизги-лейблда (англ. major label) The Slim Shady LP дебюттук альбомунун релизи менен зор ийгиликтерге жеткен. Бул лонгплей эң мыкты рэп-альбом болуп Эминемге биринчи Грэмми сыйлыгын алып келген. Эминемдин кийинки The Marshall Mathers жана LP The Eminem Show пластинкаларына үчүн ал, ошол эле категориядагы Грэмми сыйлыктарына үч жолу ээ болот. 2004-жылда Encore (кырг. бис) альбому жарыкка чыгышы менен гастролдук туру да башталат. Андан кийин Эминем чыгармачылык тыныгууну алат. Ал 2009-жылы 15 майда 5 жыл ичинде биринчи жолу Relapse(кырг. кайталоо) аттуу альбомун жаздырып чыгарат. 2010-жылы дүйнө жүзү боюнча ийгилик менен коштолгон жана эң сатылуучу Recovery(кырг. айыгуу) деп аталган жетинчи студиялык альбому жарыяланган. Эминемдин Relapse жана Recovery пластинкаларына үчүн да ал Грэмми сыйлыгына татыктуу болгон. 5 ноябрьда 2013-жылы Эминем, ошондой эле Грэмми сыйлыгы менен белгиленген сегизинчи студиялык альбомун The Marshall Mathers LP2 чыгарат. Мансабы боюнча артист катары Эминемдин Грэмми сыйлыктарынын саны жалпысы 15 жетет. 2016-жылы күзүндө Маршалл жаңы альбом чыгарууга аракет кылып жатканын сүйлөдү. 29 ноябрьда 2017-жылы Eminem Revival (кырг. кайра жаралуу) альбомун ананстады (орус. анонсировать). Эминем ар кандай иш-чараларды жүргүзөт, мисал катары, Пол Розенберг менен бирге үн жазуучу студиясын башкарат жана Shade 45 аттуу жеке радиостанциясын негиздөөчүсү болуп саналат. 2002-жылы Эминем “8 миля” деген жарым автобиографиялык хип-хоп-драмасында тартылган. Ал бул фильдин эң мыкты ырын жазган үчүн “Оскар” сыйлыгына татыктуу болгондордун алгачкы рэп-артисти болуп саналат.