Шерлок Холмстун библиографиясы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Шерлок Холмстун классикалык библиографиясы (англ. Canon of Sherlock Holmes) өзүнө, бул персонаждын оригиналдуу жаратуучусу сэр Артур Конан Дойль жазган 60 чыгарманы (56 аңгеме жана 4 роман) камтыйт. Классикалык библиографияга булардан тышкары Артур Конан Дойль өзү же бирөө менен авторлошто жазган бир нече пьесалар да кошулат. Башка авторлор тарабынан Конан Дойль жараткан персонажды колдонуп жазылган чыгармалардын тизмесин Шерлокиана макаласынан кароого болот.