From Wikipedia, the free encyclopedia
Голль Шарль де - (22. 11. 1890, Лилль – 9. 11. 1970, Коломбе-ле-Дёз-Эглиз) – франциялык мамлекеттик, аскердик жана саясий ишмер; Франциянын президенти (1958–69). Мугалимдин үй-бүлөсүнөн. Сен-Сир аскер окуу жайынан, кийин Париждеги Жогорку аскер мектебинен окуган. Биринчи дүйнөлүк согушка (1914–18) катышкан. 1937-жылдары негизинен аскердик-окутуучулук жана штабдык кызматтарда эмгектенген. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Голль Шарль де аскердик стратегия жана тактика маселелери боюнча иштейт. Немец баскынчылары Парижге басып киргенде, Голль Шарль де Улуу Британияга кетип, ал жерден 1940-ж. 18-июнда радио аркылуу бүткүл Франция элине кайрылып, фашисттерге каршы күрөшкө чакырган. Ошол эле жылы Эркин Франция патриоттук кыймылын уюштурган. 1941-ж. Француз улуттук комитеттин, 1943-жылдан Алжирде негизделген Француз улуттук-боштондук комитетин жетектеп, Франциянын Убактылуу өкмөтүн түзгөн. Франция оккупанттардан бошотулгандан кийин, 1944–48-ж. премьер-министр болуп шайланган. Согуштан кийин ал Француз элинин биримдиги партиясын негиздеген. 1949-ж. Голль Франциянын президенти болуп шайланып, бирок 10 айдан кийин өзүнүн ой-максаттарын турмушка ашырууга президенттин ыйгарым укуктарынын чектелүү экендигин түшүнгөндөн кийин, постту таштап кетет. Голль Франция саясий-экономикалык, кризисти башынан кечирип жаткан учурда (Алжир согушу, бийлик кризиси), 1958-ж. 21-декабрда өз тарапкерлеринин талабы менен кайрадан Франция Республикасынын президенттигине шайланат. Анын тушунда Франция күчтүү мамлекетке айланат. 1966-ж. Франция НАТО блогунан чыккан. Ички саясатта өлкөдө күчтүү президенттик башкаруу формасын киргизген. 1969-ж. 28-апрелде референдумда (Сенатты кайра куруу жана Франциянын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн реформасы жөнүндөгү маселе боюнча) өкмөттүн саясатына Франция элинин бир бөлүгү нааразылык билдирген. Бул референдумда жеңилгенден кийин, Голль президенттик посттон кеткен.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.