Чан Кайши
Кытайлык саясатчы жана аскер башчысы (1887–1975) / From Wikipedia, the free encyclopedia
Чан Кайши, Чун Чэн Чан (пиньинь Jiâng Jiâshi - Цзян Чжунчжэн (31. 10. 1888, Цин империясы, Чжэцзян провинциясы.
Фэнхуауезди, Сикоу деген жер - 5. 4. 1975, Тайван)) - Кытайдын саясий жана аскер ишмери. 1920-ж. гоминдан партиясынын мүчөлүгүнө кабыл алынып, Кытайды япон баскынчыларынан бошотуу күрөшүнө катышкан. Улуттук революциялык армиянын командачысы (1925-27), 1927-ж. апрелде Чан Кайши төңкөрүш жасап, өлкөдө диктатордук режим орноткон. Гоминьдан партиясынын учурунда лидери Сун Ятсен өлгөндөн кийин (1925), Кытайда президенттик жана куралдуу күчтөрдүн башкы командачысынын бийлигин жеке өзүнө ыйгарып (1927-49), өзүн генералиссимус атаган (1937). 1930-34-ж. ККПга каршы Түндүк Кытайда бир нече жолу жүрүш уюштуруп, 1937-45-ж. япон интервенциясына каршы ККП менен аргасыз келишим түзгөн. Япония капитуляциялангандан кийин (2-сентябрь, 1945-ж.) ККП менен коалиция болуудан баш тарткан. Натыйжада жарандык согуш башталып, элдик-боштондук армиясы континенталдык Кытайды бошоткондон кийин (1949) Чан Кайши өз аскери менен Тайвань аралына качкан.