From Wikipedia, the free encyclopedia
Фильм (англ. film — плёнка) — плёнкада ырааттуу жайгаштырылып, бир сюжетке бириктирилип, экранда көрсөтүүгө арналган фотосүрөттөрдүн (кадрлардын) жыйындысы; кино чыгармасы.
Азыркы кинематографиядагы Фильмдин түрлөрү: көркөм, телефильм, мультипликация, хроника-документ, илимий, окуу, ышкыбоздор, жаныбарлар дүйнөсү. Фильм ошондой эле жанрдык-темалык белгилерине карата (тарыхый, комедия, детектив ж. б.) жана чагылдырылышына жараша үнсүз, үндүү, кара-ак, түстүү, кең экрандуу, панорамалуу, полиэкрандуу учурда заманбап 3D, 4D форматтагы көрсөтүү узактыгына карай толук метраждуу, кыска метраждуу деп бөлүнөт. Ал эми атайын Ф-ге микрофильм, текстфильм, реклама, сувенир ж. б. кирет. Фильмдин көбүн адистештирилген киностудияда чыгармачыл коллектив жана техникалык адистер экранга алып чыгат. Ф. коюуда кинотехника, түс берүү каражаттары, павильон, аянтчалар пайдаланылат. Илимий, техникалык жана окуу максатындагы Фильмдерди көбүнчө илимийизилдөө институттардын, окуу жайлардын лабораториялары чыгарса, ышкыбоздор Ф-ин клуб, ишкана, окуу жайларга караштуу ышкыбоздордун киностудиялары жана айрым ышкыбоздор чыгарат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.