![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/ba/Flag_of_Fiji.svg/langky-640px-Flag_of_Fiji.svg.png&w=640&q=50)
Фижи
From Wikipedia, the free encyclopedia
Фижи (англ. Fiji, фижи Viti, фижи хиндиси Fidźi), расмий аталышы — Фижи Республикасы (англ. Republic of Fiji, фижи Matanitu Tugalala o Viti, фижи хиндиси Fidźi Ganaradźja, фижи хиндиси फ़िजी गणराज्य) — Меланезиянын чыгышындагы, Океаниядагы көз карандысыз мамлекет. Тынч океанынын түштүк-батышындагы Фижи архипелагында, Жаңы Зеландиянын түндүгүндө, Вануатунун чыгышында, Тувалунун түштүгүндө жана Тонганын батышында жайгашкан.
Ыкчам фактылар
Фижи Республикасы | |||||
| |||||
Урааны: «Rerevaka na Kalou ka Doka na Tui (Кудай Фижиге батаңды бер)» | |||||
Гимн: «Кудайдан корк жана падышаны сыйла» | |||||
![]() | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 10-октябрь 1970-жыл | ||||
Расмий тили | англис тили, фижи тили, хиндустани | ||||
Борбор шаары | Сува | ||||
Ири шаарлар | Сува, Лаутока | ||||
Башкаруу формасы | Парламенттик республика | ||||
Президент Премьер-министр | Уильям Катонивере Ситивени Рабука | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы | 151-орун - дүйнөдө 18,274 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2018) • Жыштыгы | 926,276 адам (161-орун) 46,4 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
15,152 млрд $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
5,511 млрд $ 6,024 $ | ||||
АДӨИ | ▲ 0,730 (жогору) (99-орун) | ||||
Этнохороним | фижилик, фижиликтер | ||||
Акча бирдиги | Фижи доллары (FJD) | ||||
Домени | .fj | ||||
ISO коду | FJ | ||||
ЭОК коду | FIJ | ||||
Телефон коду | +679 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +12:00 |
Жабуу
Өлкөнүн расмий аталышы бир нече жолу өзгөргөн:
- Фижи Падышалыгы (1871-1970 жж.).
- Фижи (1970-1987 жж.).
- Фижи Республикасы (1987-1990 жж., 2010-жылдан тартып).
- Фижи Эгемендүү Демократиялык Республикасы (1990-1998 жж.).
- Фижи Аралдарынын Республикасы (1998-2010 жж.).