Уран (химиялык элемент)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Уран (химиялык элемент) - (лат. Uranium, U) - элементтердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-катарынын III тобундагы радио активдүү элемент.
Актиноиддерге кирет. К. н. 92, ат. м. 238,029. Урандын м. сандары 228U - 241U болгон 14 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу - 237U. Жер кыртышынын (массасы боюнча) 3-10 4 % ин тузөт. 1789-ж. немис химиги Мартин Генрих Клапрот ачкан, металл түрүндөгү 1841-ж. фр. химиги Эжен Пелиго У. 11С14тү калий менен калыбына келтирүүдөн алган: UC1.+ 4К = U + 4KC1 4 Табиятта Уран отенит, титаниттер, танталониобат ж. б. минералдардын курамында болот. Ак түстөгү, оор металл; б. эрүү t 1572°С; кайноо t 4487°С; бирикмелеринде +3, +4, +5 жана +6 (кээде +2) окистенүү даражаларьш көрсөтөт. Уран кычкылтек менен U02, U03, U203 оксиддерди, галогендер менен галогениддерди, азот менен 450-700°Сде U4N7 нитридди, көмүртек менен карбидди, металлдар менен ар түрдүү куймаларды пайда кылат. Уран туз, азот к-таларында жакшы эрийт, ал эми щелочтор менен реакцияга кирбейт. Урандын (III) валенттүү бирикмелери күчтүү калыбына келтиргич заттар. Уран жана анын бирикмелери АЭСте ядро реактор отуну катары, ошондой эле металлургияда колдонулат.