From Wikipedia, the free encyclopedia
Убакыт — философия жана физика илимдеринин негизги түшүнүктөрү. Убакыт- материянын (адам аң сезминен көз каранды болбогон реалдуулук) ошондой эле убакыт мейкиндигинин координаттарынын бири дүйнө сызыгынын физикалык катмарына чейин созулат. Убакыт бири-бирин алмаштырып турган (дүйнөдөгү кыйроо, талкалануу, жаралуу, орноо, өнүгүү ж. б.) объектилерди координациялоо (айкалыштыруу) формасы. Асман катмарларынын жолунун бөлүгү менен өлчөнгөн объективдүү убакытты, убакытты баамдоого негизделген, субъективдүү убакыттан айырмалоо керек. Убакыт кайталанбайт: бардык процесстер, жаратылыштын кубулуштары бир абалда бир жолу гана болот. Убакыттын 3 аспекти бар:
Августин менен Лейбниц айтып кеткендей, Убакыт өткөндөрдү, учурду, келечекти баамдоого мүмкүнчүлүк берген адамдын жашоосунун жолу. Ошондуктан убакытты адамдын болмушунун шексиз өбөлгөсү катары кароо зарыл. Азыркы физика объективдүү убакытты танып, анын ордуна төрт өлчөмдүү (ченемдүү) континуумдун координатын коюшат «Тарыхый убакыт» деп аталган заман өзүнө болжол менен алты миң жылды, тарыхка чейинки убакыт – бир нече жүз миң жылдыктарды, геологиялык убакыт – бир нече миллиард жылдарды камтыйт, космостук убакыт – чексиз. Эгер адам болжол менен Жерде 550 миң жыл жашайт деп, 550 миң жылды бир күнгө барабарласак, анда 6 миң жылдык дүйнөлүк тарых 24 сааттын акыркы 16 мүнөтүн гана түзөт.
Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.