![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/af/Flag_of_South_Africa.svg/langky-640px-Flag_of_South_Africa.svg.png&w=640&q=50)
Түштүк-Африка Республикасы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Түштүк-Африка Респу́бликасы (ТАР; африк. Republiek van Suid-Afrika, англ. Republic of South Africa) — Африка континентинин түштүк бөлүгүндө жайгашкан өлкө. Түндүгүндө Намибия, Ботсвана жана Зимбабве менен, түштүк-чыгышында — Мозамбик жана Свазиленд менен чектешет. Түштүк-Африка Республикасынын ичинде Лесото анклав-мамлекети жайгашкан [3].
Түштүк-Африка Республикасы | |||||
| |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Файл:ZAF orthographic.svg и LocationSouthAfrica.svg | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 31 май 1961 | ||||
Расмий тили | Аңглис тили, африкаанс, венда, зулу, коса, ндебеле, свати, түндүк сото, сесото, тсвана жана тсонга | ||||
Борбор шаары | Кейптаун (мыйзам чыгаруу) Претория (акимий) Блумфонтейн (сот) | ||||
Ири шаарлар | Йоханнесбург, Кейптаун, Дурбан, Претория | ||||
Башкаруу формасы | Парламенттик республика | ||||
Президент Вице-президент | Жейкоб Зума Кгалема Мотланте | ||||
Аянты • Жалпы | 24 - дүйнөдө 1 219 912 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2013) • Жыштыгы | ▼48 601 098[1] адам (25) 41 ад./км² | ||||
АДӨИ ( 2011) | ▲ 0,619[2] (орточо) (123-чү) | ||||
Акча бирдиги | Түштүк-Африка рэнди | ||||
Домени | .za | ||||
ISO коду | ZA | ||||
ЭОК коду | RSA | ||||
Телефон коду | +27 |
Түштүк-Африка Республикасы континент боюнча ак, азиат жана аралаш калктардын саны боюнча алдыңкы орунда. Өлкө баалуу минералдык ресурстарга ээ, ошондой эле Африкада экономикасы боюнча эң өнүккөн өлкө болуп саналат[4].
Түштүк-Африка Республикасынын тарыхындагы жана политикасындагы эң маанилүү пункт болуп каралар менен актардын ортосундагы раса аралык конфликт болду. Конфликт өз кульминациясына 1990-чу жылдарга чейин иштеп турган, 1948 жылы орнотулган апартеид режиминен кийин жеткен. Улуттук партия дискриминациялык мыйзамдарды киргизүүнүн инициатору болду. Бул политика, алдыңкы ролду Стив Бико, Десмонд Туту жана Нельсон Мандела сыяктуу кара активиситтер ойногон, көпкө созулган жана кандуу күрөшкө алып келди. Кийинчирээк аларга актар жана түстүүлөр (аралаш калктардын урпактары), ошондой эле инди насилиндеги түштүк-африкалыктар кошулушту. Апартеиддин кулашында белгилүү ролду эл аралык коомчулук тарабынан жасалган басым да ойноду. Политикалык системанын алмашуусунан кийин салыштырмалуу тынч өттү: ТАР — бир да жолу мамлекеттик төңкөрүш болбогон Африка өлкөлөрүнүн бири. [5].
«Жаңы Түштүк-Африка Республикасын» көбүнчө «Күн желелүү өлкө» деп аташат, бул термин апартеид доорунан чыккан бөлүнүүлөрдү жайгарган жаңы, ар башка маданияттуу, көп улуттуу коомдун метафорасындай, архиепископ Десмонд Туту аркылуу ойлоп чыгылган (жана Нельсон Мандела аркылуу колдоого алынган)[6].
Апартеид мезгилдеринде Түштүк-Африка Республикасында Африка улуттук конгрессинин мүчөлөрү, «Азания» сөзүн, аларга ошол кезде эп келбеген өлкөнүн расмий аталышынын альтернативасы катары мамлекетти атоо үчүн колдонушкан. «Азания» сөзү ТАР Тайвань менен дипломатиялык мамилелерди жүргүзүп турган кезде, расмий кытай дипломатиялык лексикасында Түштүк-Африка Республикасын атоо үчүн да колдонулган.
ТАР — ядролук курал иштеп чыгып жана кийин андан өз ыктыяры менен баш тарткан өлкө.