Торгоуттар
From Wikipedia, the free encyclopedia
Торгоуттар - Монголия (Кобдо), КЭРдин Ички Монголия, Шинжаң аймактарында жашаган монгол тилдүү калк.
Саны 30 миңден ашуун, лама динин тутунушат. Ойрот тилинин торгоут диалектисинде сүйлөшөт. XVI к. аяк ченинде (1599-ж.) кыргыздар башында турган Ойрот мамлекетинин курамына кирген.
Волгалык калмактардын курамында да торгоуттар бар. Торгоут - «хан өргөөсүнүн сакчылары» маанисин туюнтат. Түндүк-батыш Монголиядагы торгоуттардын курамында «кыргыз», «бурут» этнонимдери кездешери маалым.