From Wikipedia, the free encyclopedia
Тең канаттуулар (лат. Homoptera) ― курт-кумурскалар түркүмү. Эрте карбон мезгилинен белгилүү. Алар майда (кокцидиялар, жалбыракчылар, чөп биттери, кээ бир цикадалар) жана ири (сайрагыч цикадалар) формада болот. Вашы кыймылдабайт, ооз аппараты соргуч, тумшугу муунактуу. 2 кош канаты бирдей тарамдуу, көбүнчө астыңкы канаты жакшы өөрчүгөн, чанда эки жуп канаты тен жок болот. Тең канаттуулардын 25000дей түрү бардык материкте таралган. КМШ өлкөлөрүндө 4000дей түрү кезигет. Кээ бир түрлөрүнүн өөрчүү цикли татаал, мында жыныстык мууну партеногенездик мууну менен алмашат. Өсүмдүк ширеси менен азыктанат, көбүнчө галл (түйүнчө) пайда кылып, өсүмдүктөн өсүшүн төмөндөтөт. Көпчүлүк түрлөрү колония түзүп жашайт. Бир катар Тең канаттуулар токой жана айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечи, айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерин ташуучу түрлөрү да бар.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.