![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/0/02/Technetium.svg/langky-640px-Technetium.svg.png&w=640&q=50)
Технеций
From Wikipedia, the free encyclopedia
Технеций (латын тилинен Technetium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 2-мезгилинин VIIВ группа элементи, к.н. 43, ат. м. 98,9062; радиоактивдүү элемент.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/0/02/Technetium.svg/640px-Technetium.svg.png)
Ал жасалма ыкма менен ядролук реакциянын натыйжасында 1937-ж. итал. химиктер О. Сегре жана К. Перье тарабынан алынган. Т. 15 изотобу бар: 92Tc - 105Tc, 107Tc. Алардын негизгиси 99Tc (Т1/2 =2,12 ×105-жыл). Иондошуу энергиясы: Тс0 ® Тс + ® Тс 2+ (эв менен) 7,28 барабар. Т. жаратылышта молибден, ниобий жана рутений минералдары менен бирге кездешет. Т. күмүш түстөгү ак металл, тыгызд. 11,487 г/см3, ат. радиусу 1,358А, иондук радиусу Те+ 0,56А ; балкып эрүү температурасы 2140°С; кайноо температурасы 4600°С. Технеций 0 +7 чейинки окистенүү даражасын көрсөтүп, электрохим. күчү боюнча Mn менен Re дин ортосунда турат. Металлдык Т. конц. жана суюлтулган HCl да эрибейт; ренийден айырмачылыгы H2O2 жана NH4OH эритмесинде эрибейт. “Падыша арагы” менен оңой аракеттенет. Жаратылыштагы бирикмеси пертехнатаммоний – (NH4TcO4) кызылгылт түстө. Т. аналитикалык аныктоодо полярографиялык жана гравиметриялык метод колдонулат. Т. металлды коррозиядан сактоо үчүн ингибитор; жогорку температурага чыдамдуу болгондуктан реакторлор корпустарын даярдоодо конструкциялык материал катары колдонулат. Т. башка металлдар менен болгон куймалары мыкты электрөткөргүч, бирок алардын кеңири колдонулушуна Т. радиоактивдүүлүгү тоскоолдук кылат.