From Wikipedia, the free encyclopedia
Таттыбүбү Турсунбаева – театр жана кино артисти.
Турсунбаева, Таттыбүбү
| |
"Кызыл алма" фильминен кадр | |
Туулган датасы: |
12 -июль 1944 |
---|---|
Туулган жери: |
Чаек айылы, Жумгал району, Нарын облусу, Кыргызстан |
Өлгөн датасы: |
21 -декабрь 1981 (37 жаш) |
Өлгөн жери: |
Фрунзе шаары |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
Карьерасы: |
1960-жылдан баштап |
Багыты: | |
Сыйлыктары: |
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти |
IMDb: |
Таттыбүбү Турсунбаева - 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн. Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектепте окуган.
1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган.
17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островсөрү институтунун "Драма жана кино актеру" факультетине тапшырган.
1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.
Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30 дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асел ("Делбирим"), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү.
Таттыбүбү Турсунбаева Кыргызстандын эң атактуу актрисасы болгон. Ал «сахнанын ханышасы» деп айтышчу. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал «Ак Мөөр», ролунда башкы каармандардын, ал эми «Кызыл алма» фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон.
"Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан.
Ал 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан. Ал көз жумганда, курсташы Жумабек Козукеев мүрзөсүнүн башында:
"Токтолуп сокпой жүрөгү,
Соң-Көлдүн кетти чүрөгү"
деген ыр саптарын окуган. [1] Кыргызстанда Таттыбүбүнү «ак куу» деп да айтышат, анткени кыргыз маданиятында ак куу эң эле татынакай жана назик куш. Ак куунун мойуну узун жана Таттыбүбүнүн дагы мойуну узун болгон. Буга байланыштуу мындай ыр бар: «Адашкан аркар сыяктуу, арманда кетти бир ак куу».
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.