From Wikipedia, the free encyclopedia
Тарыхый доор–бул тарыхтын объективдүү белгилердин негизинде айырмаланып турган узакка созулган жана сапаттык жактан өзгөчөлүү көрүнгөн мезгили. Тарыхый доор бүткүл дүйнөлүк тарыхтын тигил же бул «кесимин» (учурун) коом өнүгүшүнүн ошол таптагы тенденциясына ылайык мүнөздөп турат.
Ар бир тарыхый доордун объективдүү мазмунун аныктоо – аны конкреттүү анализге алуунун негизи болуп саналат. Тарыхый доордун чектери көпчүлүк учурда ири тарыхый окуялардын жана тарыхый инсандардын ишмердүүлүгү менен аныкталат, бирок ал чектер абсолюттуу эмес, чен-өлчөмдүү, жылып турма. Тарыхый доор түшүнүгү коомдук өнүгүүнүн жалпы теориясы менен реалдуу тарыхый процессти байланыштырып, улаштырып туруучу звенонун милдетин аткарат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.