From Wikipedia, the free encyclopedia
Тармал чөп (лат. Thalictrum L. 1753) – байчечекейлер тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Жалбырагы канаттай, бир нече ирет тилкелүү, кезектешип жайгашкан. Гүлү майда, 4 мүчөлүү, жөнөкөй гүл коргондуу, аталык жипчелери узун. Топ гүлү чачыдай, чатырчадай, шыпыргыдай. Европада, Азияда, Африкада 120дан ашык түрү таралган. Кыргызстанда 6 түрү шалбаа, бадал, токой арасында, тоонун таштак бетинде өсөт. Айрым түрүнүн (сасык Т. ч.) маңызы медицинада кан басымын төмөндөтүү үчүн кеңири колдонулат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.