![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/f4/Tapajosrivermap.png/640px-Tapajosrivermap.png&w=640&q=50)
Тапажос
From Wikipedia, the free encyclopedia
Тапажос – Бразилиядагы дарыя, Амазонканын оң куймасы. узундугу (Журуэна дарыясынын башатынан тартып) 2200 км, алабынын аянты 487 миң км2. Журуэна менен Телис-Пирис (Сан-Мануэл) дарыясынын кошулушунан пайда болуп, Бразилия тайпак тоосу жана Амазонка ойдуңу аркылуу агат. Босоголуу. Жаан суусунан куралат. Орточо чыгымы 15,5 миң м3/сек. Ири куймасы Жаманшин. Кеме жүрөт. Чатында Сантарен порту жайгашкан. Боюнда Амазония улуттук паркы уюштурулган.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/f4/Tapajosrivermap.png/640px-Tapajosrivermap.png)