кыргызстандык саясатчы, Жогорку Кеңештин төрагасы (2020—2022) From Wikipedia, the free encyclopedia
Мамытов Талант Турдумаматович (14-март, 1976-жыл; Майлуу-Суу, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, КСРБ) — кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2020—2022).
Мамытов Талант Турдумаматович | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
4-ноябрь 2020 — 5-октябрь 2022 | ||||
Президент: | Садыр Жапаров(м.а.) Өзү Садыр Жапаров | |||
Андан мурунку: | Канатбек Исаев | |||
Андан кийинки: | Нурланбек Шакиев | |||
| ||||
14-ноябрь 2020 — 28-январ 2021 | ||||
Андан мурунку: | Садыр Жапаров (м.а.) | |||
Андан кийинки: | Садыр Жапаров | |||
| ||||
4-октябрь 2015 — 4-ноябрь 2020 | ||||
Президент: | Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров (м.а.) | |||
| ||||
10-октябрь, 2010 — 4-октябрь, 2015 | ||||
Президент: | Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаев | |||
Жарандыгы: | КСРБ → Кыргызстан | |||
Дини: | Ислам | |||
Туулган жери: | Майлуу-Суу, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, КСРБ | |||
Атасы: | Турдумамат Мамытов | |||
Жубайы: | Чынара Мамытова | |||
Балдары: | 4 баласы бар | |||
Партиясы: | Республика-Ата-Журт (2015 — а.у.) Ата-Журт (2010 — 2015) | |||
Кесиби: | юрист | |||
Автограф: | ||||
1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган.
1983-жылы Майлуу-суу шаарындагы №5-орто мектепке кирип, аны 1993-жылы аяктаган.1993-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин юридика факультетине тапшырган.
Өзүнүн эмгек жолун 2000-жылы Баткен областында прокурор сапатында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткаруу үчүн көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган.2001-жылдын октябрынан 2002-жылдын ноябрына чейин Жалал-Абад областынын прокуратурасынын мыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмгө прокурор болуп дайындалган.2002-жылдын сентябрынан 2004-жылдын сентябрына чейин Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчү болуп иштеген.2004-жылдын сентябрынан 2005-жылдын августуна чейин Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп иштеген. 2005-жылдын августунан 2006-жылдын апрелине чейин КР башкы прокуратурасынын уюштурууну камсыз кылуу жана Эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурору болуп дайындалган.2006-жылдын апрелинен 2006-жылын декабрына чейин Чүй областынын Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп дайындалган.2006-жылдын декабрынан 2007-жылдын декабрына чейин Жалал-Абад областынын Сузак районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген. 2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын январына чейин Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун прокурору болуп дайындалган. 2010-жылдын январында прокуратура органдарынан өз каалоосу боюнча бошотулган.2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.
Жубайы — Чынара Апсаматовна Мамытова[1] (1979-жылдын 19-мартында туулган )[1]. Кесиби боюнча акушер[2]. Күйөөсү президент болуп турганда аны менен коомчулук алдына коштоп чыккан эмес[3].
Төрт баланын атасы[3].
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.