From Wikipedia, the free encyclopedia
Тaз кaрa (лат. Aegypius monachus, Linnaeus, 1758)
Африкада – Марокко менен Египеттин түндүк жагы, Евразияда Пириней, Балкан жарым аралынан тартып чыгышка карай Хангай, Гоби Алтайына, Ганңсуга, Бутанга жана Ассамага чейин. Түндүккө карай Словенияга, Румынияга, Крымга, Чоң Кавказдын жана Балкандын, Копетдагдын, Бадхыздын, Каратоонун түндүк бетине чейин; Чүй-Илий тоолоруна, Жунгардын Алтайга, Тарбагатайга, Алтайга, Саянга, Хангайга жетет. Кыргызстандын бардык территориясына адатта кара жору уялаганга келет.
Тянңшандын субалңпы жана алңп алкактарында, жапайы ача туяктуулар жашаган жана үй жаныбарлар чогулган жерлерде кездешет.
Кыргызстанда атайын саны эсепке алынган эмес. Бирок, 1992-жылы 17-августтан 16-октябрга чейин изилделген 44 жайыттан 10дон 21ге чейин кара жору катталган. Ал көбүнчөсү бийик тоолордо, мисалы, деңиз деңгээлинен 3200 м бийикте Каракол жайытында кездешкен, ошондой эле ал өтө бийик эмес, мисалы Фергана өрөөнүндө 1250 м бийиктикте Кызылкыя жайытында болгону катталган. Дайыма кара жору гималай жорусу менен кошулуп топту түзөт. Байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында жорулардын жашын аныктоо өтө татаал, бирок бир нече жаштары жана бир балапаны аныкталган . Ысыккөлдүн чыгышынын алңпы шалбаасында кара жору өтө сейрек кездешет (1 км2 0,02 - 0,04 особң). Ошондой эле токойдо ал өтө сейрек кездешет. 2003-жылы 21-июнда Кыргыз тоо кыркаларында 2000 м бийикте Кашкасуу колотунда бир кара жору өлгөн жылкынын үстүндө учуп жүргөнүн көрүшкөн, бирок кишилер анын этин жегенге тоскоол кылышкан.
Жапайы туяктуу жаныбарлардын санынын азайышы. Кызык үчүн гана атып жоготуу.
Отуруктуу куш. Ал уясын дарактарга (көбүнчөсүн арчага), анда-санда зоолорго салат. Көбүнчөсүн уясын кургак арчадан салат, анын ичин тоо эчкилердин жана койлордун жүнүнөн төшөйт. Уясын эрте салат, биринчи жумуртканы февраль-мартта тууйт. Уясында адаттагыдай бир эле жумуртка. Балапандарын апрель-майда басып чыгарат, алар август- сентябрда учканга жарап калат.
Кыргызстанда колго багылбайт.
Атайын коргоо иш-аракеттери каралган эмес.
Уялоочу жерлерин картага түшүрүп, анан чакан заказниктер болуш үчүн өзгөчө коргоого алынган территория кылып реестрге киргизиш керек. Уялоочу жерлерин сөзсүз түрдө коргоо; байкоо жүргүзүүнүн эсебинен алынган каражаттарды жасалма жол менен тамактандырып экологиялык туризмди өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү жааматтарды кызыктыруу керек. Атайын жем жечү жерлерди куруп, ал жакка өлгөн малдын тарптарын таштап, куштун жашоосуна шарт түзүү. Кара жорунун популяциясынын санын тактоо, уя салуунун биологиясын изилдөө, гималай жорусу менен түр арасындагы карым-катнаштарды изилдөө.
V I , Near Threatened, NT . Кыргызстандын фаунасынын бир уруунун бир өкүлү.Монотиптүү түр.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.