Суусамыр тоо кыркасы
From Wikipedia, the free encyclopedia
From Wikipedia, the free encyclopedia
Суусамыр тоо кыркасы — Ички Теңир-Тоодо. Суусамыр жана Кетмен-Төбө өрөөндөрүн бөлүп турат. Ала-Бел ашуусунан (батышта) Көкө-Mерен капчыгайына чейин (чыгышта) кеңдик багытта 126 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 31 км. Орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4048 м. Чыгыш бөлүгү Сарыкамыш деп аталат. Тескей тарабы кыска, айдөш түздүктүү, түштүк капталы жазы, чейин жапыздайт. Түштүк капталы тик, түндүгү бир аз жантайыңкы. Түштүк капталына Кара-Суунун өрөөнүнө түшүп жаткан корум таштар мүнөздүү. Ашуулар көп: Капка (бийиктиги 3339 м), Кентулук (3289 м), Шибе-Бел (3140 м), Такталык (2324 м), Карагыш (1961 м) жана башка. Кырка тоо төртүнчүлүк мезгилде көтөрүлгөн. Тоонун ортоңку бөлүгү карбон мезгилинде пайда болгон метаморфизмделген акиташ, конгломерат, алевролит жана башка, түндүк тармагы андезит, базальт трахит-базальттуу порфирит жана башка, түштүк канаты девондун чөкмө жана интрузия тектеринен турат. Мөңгү жок. Жарым чөл (1400 м бийиктикке чейин), кургак талаа (1400–1700 м), талаа жана шалбаалуу талаа (1700–2900 м), шалбаалуу талаа, субальп (2700–3100 м) жана альп шалбаа (3200–3400 м) ландшафттары мүнөздүү.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.