![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/60/Yakov_Smushkevich_%2528cropped%2529.jpg/640px-Yakov_Smushkevich_%2528cropped%2529.jpg&w=640&q=50)
Смушкевич Яков Владимирович
From Wikipedia, the free encyclopedia
Смушкевич Яков Владимирович (1(14). 4. 1902, Литва ССРи, Рокишкис ш.- 28. 10 1941) - эки жолу Советтик Союз. Баатыры (1937, 1939), советтик аскер учкучу, авиациянын генерал- лейтенанты (1940).
- 1918-жылдан КПСС мүчөсү.
- Жарандык согушта (1918-20) аткычтар полкунун командири.
- Учкучтардын Кача аскер мектебин (1931), М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясынын начальниктик составдын билимин өркүндөтүү курсун бүткөн (1937).
- 1936-37-ж. өз каалоосу менен Испаниядагы жарандык согушка катышкан.
- 1937-жылдан Кызыл Армиянын ААК башкармасынын начальнигине орун басар.
- 1939-ж. Халхин-Голдо Японияга каршы салгылашта авиациянын командачысы.
- 1939-жылдан Кызыл Армиянын ААКында жооптуу кызматтарда.
- 1939-жылдан ВКП(б) БКнын мүчөлүгүнө кандидат. СССР Жогорку Советинин (1-шайл.) депутаты.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/60/Yakov_Smushkevich_%28cropped%29.jpg/320px-Yakov_Smushkevich_%28cropped%29.jpg)
Эки Ленин ордени жана МЭРдин Кызыл Туу ордени менен сыйланган.