![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/fd/Svetlana_Alexievich_asv2024-01.jpg/640px-Svetlana_Alexievich_asv2024-01.jpg&w=640&q=50)
Светлана Александровна Алексиевич
From Wikipedia, the free encyclopedia
Светлана Александровна Алексиевич (белор. Святлана Аляксандраўна Алексіевіч, 1948-жыл 31-май, СССР, Украина ССРи, Станислав) - советтик жана белорусиялык жазуучу, журналист, даректүү тасмалардын сценаристи. Орус тилинде жазат. 2015-жылкы адабият боюнча "Нобель" сыйлыгынын ээси.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/fd/Svetlana_Alexievich_asv2024-01.jpg/640px-Svetlana_Alexievich_asv2024-01.jpg)
Анын көркөм-даректүү кара сөз жанрында жазылган китептери таанымал: "Согуштун жүзү аялдыкындай эмес" (орус. У войны не женское лицо), "Цинк уландар" (орус. Цинковые мальчики), "Чернобль дуасы" (орус. Чернобыльская молитва), "Секонд-хэнд мезгили" (орус. Время секонд-хэнд). Алексиевичтин чыгармалары СССРдин акыркы жылдарындагы турмушка жана постсоветтик доорго арналган, боорукерлик жана гуманизм менен ширелген.