![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/5/5b/%25D0%25A1%25D0%25B0%25D1%2583%25D0%25BB%25D0%25B8_%25D0%259D%25D0%25B8%25D0%25B8%25D0%25BD%25D0%25B8%25D1%2581%25D1%2582%25D1%2591_%252852074997569%2529.jpg/640px-%25D0%25A1%25D0%25B0%25D1%2583%25D0%25BB%25D0%25B8_%25D0%259D%25D0%25B8%25D0%25B8%25D0%25BD%25D0%25B8%25D1%2581%25D1%2582%25D1%2591_%252852074997569%2529.jpg&w=640&q=50)
Саули Ниинистө
From Wikipedia, the free encyclopedia
Саули Вяйнямө (Вәйнәмө) Ниинистө (фин. Sauli Väinämö Niinistö; 24-август 1948-ж., Сало, Або-Бьөрн вилаяты) — финн мамлекеттик ишмери, саясатчы, юристи, 2012-жылдын 1-мартынан бери Финляндиянын азыркы президенти. 2018-жылдын январында ал экинчи мөөнөткө шайланган.[1][2]
Ыкчам фактылар 12-чи Финляндиянын президенти, 1-март 2012-ж. ...
Саули Ниинистө фин. Sauli Niinistö | ||
![]() | ||
| ||
---|---|---|
1-март 2012-ж. | ||
Андан мурунку: | Тарья Халонен | |
Туулган жери: | Сало, Або-Бьөрн вилаяты, Финляндия | |
Автограф: | ![]() | |
Жабуу
1987-жылдан 2003-жылга чейин жана 2007-жылдан 2011-жылга чейин ал оңчул борборчул Улуттук коалиция партиясынан Финляндия парламентинин (Эдускунта) депутаты болгон; 2007-2011-жылдары - Финляндия мажлисинин спикери (2011-жылдын чын курандыгы шайлоого чейин). Финляндиянын президенти болуп шайланганга чейин Финляндиянын футбол ассоциациясын жетектеген.
2013-жылы 65 жылдык мааракесине карата ага Йүвяскүля (Йүвәскүлә) университетинин ардактуу доктору наамы ыйгарылган[3].