Жан-Поль Сартр
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жан-Поль Сартр (фр. Jean-Paul Charles Aymard Sartre, /ˈsɑːrtrə/, 1905-жылы 21-июнь – 1980-жылы 15-апрель) — француз философу, атеисттик экзистенциализмдин өкүлү. Ал ошондой эле жазуучу жана сынчы, Франциянын саясый турмушуна эпкиндүү катышкан.
Парижде демейки Жогорку мектепте билим алат да, кийин Париждеги жана башка шаарлардагы бир катар лицейлерде сабак берет. Экинчи дүйнөлүк согушта солдат катарында катышып, Германияда согуш туткундары үчүн лагерде тогуз ай жашайт. Бошогондон кийин Каршылык көрсөтүү кыймылына катышат. Согуш аяктагандан кийин социалисттик жана экзистенциялык басылма болгон, бир айда бир жолу чыгуучу «Новое времянын» редактору болот. 1964-жылы ага адабият боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылат, бирок ал бул сыйлыктан баш тартат. 1968-жылы май айынан, Франциядагы жаштар кыймылынан бери тарта эпкиндүү саясый иш-аракеттерди жүргүзөт.