From Wikipedia, the free encyclopedia
Ниязов Сапармурат Атаевич (түркм. Saparmyrat Ataýewiç Nyýazow, Сапармырат Атаевич Ныязов; туулганда берилген фамилиясы — Аннаниязов; 19-февраль 1940-жыл, Кыпчак, Ашхабад облусу, Түркмөн ССР — 21-декабрь 2006-жыл, Ашхабад, Түркмөнстан), Түркмөн башы (түркм. Türkmenbaşy) – түркмөнстандык мамлекеттик жана саясий ишмер, Түркмөнстан Республикасынын президенти (1990– 2006).
Сапармурат Атаевич Ниязов түркм. Saparmyrat Ataýewiç Nyýazow, Сапармырат Атаевич Ныязов | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
27-октябрь 1991-жыл — 21-декабрь 2006-жыл (1999-жылдан тарта — түбөлүкттүү президент) | ||||
Түркмөн башы | ||||
Андан мурунку: | өзү Түркмөн ССРинин 1-чи Президенти катары | |||
Андан кийинки: | Гурбангулы Бердымухамедов | |||
| ||||
27-октябрь 1990-жыл — 27-октябрь 1991-жыл | ||||
Андан мурунку: | кызмат орун түзүлгөн | |||
Андан кийинки: | өзү Түркмөнстандын 1-чи Президенти катары | |||
| ||||
21-декабрь 1985-жыл — 16-декабрь 1991-жыл | ||||
Андан мурунку: | Мухаммедназар Гапуров | |||
Андан кийинки: | кызмат орун жоюулган | |||
| ||||
18-март 1985-жыл — 4-январь 1986-жыл | ||||
Андан мурунку: | Чары Каррыев | |||
Андан кийинки: | Аннамурад Ходжамурадов | |||
| ||||
18-январь 1990-жыл — 2-ноябрь 1990-жыл | ||||
Андан мурунку: | Оразгельды Овезгельдыев | |||
Андан кийинки: | Сахат Мурадов | |||
Дини: | Ислам | |||
Туулган жылы: | 19-февраль 1940-жыл | |||
Туулган жери: | Кыпчак, Ашхабад облусу, Түркмөн ССР, ССРС | |||
Каза болгон жылы: | 21-декабрь 2006-жыл | |||
Каза болгон жери: | Ашхабад | |||
Мүрзөсүнүн орду: | Түркмөнбашы күмбөзү, Кыпчак | |||
Туулганда берилген ысымы: | Сапармурат Атаевич Аннаниязов | |||
Атасы: | Атамурат Ниязов | |||
Апасы: | Гурбансолтан Атамурадова | |||
Жубайы: | Муза Ниязова | |||
Балдары: | уулу: Мурад кызы: Ирина | |||
Партиясы: | ССКП жана Түркмөнстан демократиялык партиясы | |||
Билими: | Уулу Петр атындагы Санкт-Петербург полтиехникалык университети | |||
Кесиби: | инженер-энергетик | |||
Сапармурат Ниязов 1940-жылы 19-февральда Кыпчак кыштагында туулган. Расмий өмүр баяны боюнча анын атасы Атамурат Ниязов 1941-жылы өз калоосу менен фронтко кетип, 1942-жылы Кавказды коргоодо каза тапкан. Башка маалыматтарга таянганда атасы Чикола аймагында (Түндүк Осетия) туткунга түшүп, немистер тарабынан аттырылган. Энеси Гурбансолтан-апа жана бир туугандары (он жашар Мухамметмурат менен алты жашар Ниязмурат) 1948-жылы Ашхабаддагы жер титирөөдө каза болушкан.Сапармурат жетим калып, Кызыл-Арбат шаарындагы балдар үйүндө жайгашып калат. Орто мектепти мыкты аяктап, 1959-жылы Түркмөн геологиялык чалгындоо иштеринин жумушчулары жана кызматкерлеринин профсоюзунун аймактык комитетинде инструктор болуп иштейт. 1962-жылдан тарта ССКПнын мүчөсү. Бир нече ай Москва энергетика институтунда билим алган, бирок ден соолугуна байланыштуу окуудан кетүү тууралуу арыз жазган. Окуусун Ленинград политехникалык институтунда улантып, 1967-жылы инженер-энергетик адистиги боюнча диплом алган.
1993-жылы Түркмөнстан межлисинин чечими менен Ниязов дүйнөдөгү бардык түркмөндөрдүн башчысы деп жарыяланып, кийин Ниязовго «Түркмөн башы» титулу ыйгарылган. «Түркмөнстандын ардактуу аксакалы» (1994). Анын бейнеси улуттук акча – манатка басылган, өлкөдө «Түркмөн башы» альманахы чыгарылат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.