From Wikipedia, the free encyclopedia
Руталар (лат. Rutaceae) – өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классынын тукуму. Дарак, бадал, кээде чөп. Жалбырагы татаал, канаттай, чанда жөнөкөй, кезектешип жайгашкан. Вегетация органдарында, кээде мөмөсүндө бальзам, чайыр, эфир майлары бар. Гүлү эки, айрым учурда бир жыныстуу, гүл коргону 4–5, кээде 2–3 мүчөлүү, аталыгы экөө, энелиги 1–5 же көп мөмө жалбыракчалуу, мөмөсү–кутуча. Жер бетинде 1600 түрү, көбүнчө, тропик жана субтропик алкактарында таралган. КМШ өлкөлөрүндө 5 уруусу, 40тай түрү, Кыргызстанда 11дей түрү бар. Көпчүлүк Руталар мөмө берүүчү (бергамот), дары-дармек өсүмдүктөрү, айрымдарынан баалуу жыгач алынат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.