![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/ea/Montaje_Rosario_01.jpg/640px-Montaje_Rosario_01.jpg&w=640&q=50)
Росарио
From Wikipedia, the free encyclopedia
Росарио – Аргентинадагы шаар. Калкы 1,2 млн (2010). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Парана дарыясындагы порт (айыл-чарба азыктары сыртка чыгарылат). Өлкөнүн финансы, соода жана индустрия ири борбору. Ар кандай программаларды түзүп (анын ичинде биомедицина жана информатика-технология), иштеп чыгуучу өндүрүшү өнүккөн. Машина куруу (автомобиль, тамак-аш өнөр-жай үчүн жабдуулар, тиричилик техникалары, муздаткычтар), тамак-аш (май ж. б.), химиялык, нефть-химиялык өнөр-жай иштейт. Университет, музей бар. Шаар 1689-ж. негизделген.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/ea/Montaje_Rosario_01.jpg/320px-Montaje_Rosario_01.jpg)