Риу-Гранди
From Wikipedia, the free encyclopedia
Риу-Гранди (исп. Rio Grande) – Бразилиянын түштүк-чыгышындагы дарыя, Парананын сол куймасы. Узундугу 1230 км, алабынын аянты 170 миң км2. Серрада-Мантикейра тоосунан башталып, Бразилия бөксө тоосу аркылуу агат. Босоголуу. Орточо чыгымы 2000 м3/сек. Жогорку агымында Фурнас суу сактагычы жана ГЭС курулган. Айрым бөлүктөрүндө кеме жүрөт.
«Рио-Гранде» менен адаштырбаңыз.