Рио-Гранде (англ. Rio Grande), Рио-Браво-дель-Норте (исп. Río Bravo del Norte) – АКШ менен Мексикадагы дарыя (эль-Пасо шаарынын чатына чейин эки өлкөнүн чек арасы). Узундугу 2870 км алабынын аянты 570 миң км2. Аскалуу тоолордон башталып, негизинен кургакчыл плато, айрым жерлерде кууш капчыгайлар аркылуу агып, Мексика булуңуна куят. Толугу менен сугатка пайданалынат. Орточо чыгымы чатында 15-20 м3/сек. Ортонку агымында Элефант-Бьютт жана Фалькон ири суу сактагычтары бар. Пресидио (Мексика) шаарынан баштап кеме жүрөт. Боюнда Альбукерке, Эль-Пасо, Ларедо (АКШ), Сьюдад-Хуарес, Нуэво-Ларедо (Мексика) шаары жайгашкан.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.