From Wikipedia, the free encyclopedia
Ракета — Советтер Союзунун жана Россиянын саат маркасы. Санкт-Петербург шаарында 1961-жылы Петродворец саат заводунда чыгарыла баштаган. Петродворец саат заводу, эң алгачкы, Россиядагы заводдордун бири. Улуу Пётр аны 1721-жылы негиздеген. Ракета саатары: Кызыл Армия, СССР, ВМФ, түндүк уюл экспедициялары жана карапайым калк үчүн чыгарылган.
Эң алгачкы космонавт Юрий Гагарин өзүнүн космоско болгон сапарын, Восток-1 кемесинде 12-апрелде 1961-жылы ишке ашырган. Ошого байланыштуу, Ракета наамын алып калган. Петродворец саат заводу, саат жасай элек кезинде, падыша жана анын үй-бүлөсү үчүн ар-түрлүү асыл таштардан буюмдарды жасачу. 1949-жылы өзүнүн алгачкы “Звезда” жана “Победа” кол саатын чыгарган.
Бул мекеме көптөгөн-түрлүү кол сааттарын чыгарып келе жатат. Мисалга алсак: календарлуу, механикалуу жана башка. Ал эми 1980-жылы 4 миң кол саат чыгарган, ал эми заводдо, 7 миң адам эмгектенген. Дагы айта кетсек Ракета заводу, СССРдин кулаганынан жабыр таркан жок, мисалга: көптөгөнү жумушсуз калып, бирок бактыга жараша, өзүнүн туруктуулугун, орус армиясына ошондой эле, мамлекетик казына аркылуу сактап калды.
2009-жылы, француз модельери Жак фон Полье бул заводду, жабылуудан, сактап калды десек болот. Албетте биргеликте орус инвесторлору менен. Акыркы куну Россия калкынын арсында өтө таанымал болуп барат. Петродворец, жергесинде 2009-жылы, 3 швейцариялык саат адистери иштеп жатышат. 2010-жылы завод биргеликте Санкт-Петербург Техникалдуу Университет биргелешип, саат адистерин окутуп чыгарышмакчы. Дүйнөнүн сулуусу Наталья Водянова Ракета менен биргеликте, жаңы кол саатын чыгармакчы.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.